www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын президенти Джо Байден өзүнө чейинки өлкө лидери Дональд Трампты Ак үйдөн кетирүү үчүн гана керек болчу. Мындай пикирин орусиялык сенатор Алексей Пушков өзүнүн Telegram-каналында билдирди.
Белгилей кетсек, буга чейин CNN телеканалы АКШ президенти Джо Байдендин ишеним рейтинги рекорддук деңгээлде төмөндөп кеткенин кабарлаган. Ушул аптада төрт уюм АКШ президентине ишеним деңгээли боюнча өздөрүнүн сурамжылоосунун жыйынтыгын жарыялады. Алардын бири ушул тапта Байденге элдин 41 пайызы гана ишенээрин айтса, дагы бири бул көрсөткүч 33 пайызда экенин билдирди.
"Байден президенттик тактыга келгенден бери мындай төмөн көрсөткүч болгон эмес. Бул нерсе Байден Трампты Ак үйдөн кетирүү үчүн гана керек болгонун дагы бир жолу далилдейт", — деп жазды парламентарий.
Ошондой эле Пушков Байденге элдин ишеними өтө эле төмөн болгондуктан, анын президенттигин ийгиликтүү деп айтууга болбойт деген пикирин кошумчалады.
Асыресе, акыркы Орусия менен Украинанын айланасындагы окуялардан улам Байден элдин эле эмес дүйнө лидерлеринин сынына да кабылып жаткан убагы.
Буга карабастан ал өзү башкарган Америка эли туш болуп жаткан кымбатчылык, дагы башка көйгөйлөргө орус президенти Владимир Путинди күнөөлөп жатат.
Эске салсак, Домократчы Джо Байден 2020-жылдын ноябр айында АКШнын 49-президенти болуп шайланган.
Анын жалгыз атаандашы мурдагы президент Дональд Трамп бир нече жолу шайлоонун ыплас өткөнүн айтып, аны жокко чыгарууга аракет кылган. Бирок анынсынан эч майнап чыкпаган соң, Трамп келерки президенттик шайлоого катышарын айтып, андагы жеңишине алдына ала ишенимдүү экенин да билдирген.
Булак: NazarNews.kg