www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн Жапаровдун айланасында, аңга түртө тургандар эле жүрөт. Бул тууралуу Нармамат Акыев өзүнүн Facebook баракчасына жазган.
«Ушул маалыматты окуп чыгып жыйынтык чыгарасыз деген ойдомун. Пахтакорлор кайсы бийлик келбесин жашай беришет. Ушуларга каршы чечкиндүү кадамдарга барын. Кийин кеч болуп калат.
1. Сырттан коркунуч болсо, сөссүз gрезидентти, и жалпы бийлик өкүлдөрүн 100% колдойм.
2. Сындайм себеби жөп жөнөкөй, өлкөдө өнүгүү болсун деген максатта, билимдүүлөр жана илимдүүлөр көбөйсүн, өндүрүш көбөйсүн и элибиз жумуш орун менен камсыз болсун деген тилекте, сындаса эле бийликти, же кимдир бирөөнү жек көрөт деп түшүнбөшүбүз керек, бийликтин айланасы ар дайым жылуу ордун жоготпош үчүн жалган айтып креслого жармашып келет, а карапайым эл, и бийликке жетпей калган саясатчылар көбүн эсе бийлик ээлерине чындыкты, акыйкатты жана тууру багытты көргөзөт.
3. Эң коркунучтуу катмар, бул баягы эле жүз киши, Акаевди, Бакиевди, Атамбаевди, Жээнбековду «кидайтеткен», ар дайым ак үйдү тегеректеген аткаруу бийлигинде жүргөн аферисттер, кече Жээнбековду жардан түрткөндөр, бүгүн Жапаровду айланчыктап тороп алды, мисал үчүн бүгүнкү министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баш болгон катмар.....
Мезгилинде бардык төрт президент менен тил табышып, өлкө экономикасына өтө чоң зыян алып келгендер, президенттер кетет, бирок булар кетпей койду, чынында эл президенттерди эмес, ушуга окшогон жүз кишини кетириши керек саясаттан, ансыз өнүгүшүбүз кыйын.
Тилегим Садыр Жапаров айланасын тазалап, таза эл ишенген кадрлардан бир команда түзүп, оор кыйыш заманда өлкөнү алга сүйрөсө, мамлекетибиз өсүп өнүп, өзү айткандай бардык мигранттар өлкөгө кайтса, ал үчүн реалдуу эл үчүн иштей турган кадрлар барыш керек.
Болбосо бүгүн Жапаровдун айланасында, аңга түртө тургандар эле жүрөт, урматтуу Президент айланыңызда тазалаңыз өлкө келечеги үчүн, келиңиз туруктуу бакубат өлкөнү курганы аракет кылыңыз, Ак үйдөгү чоң кызматтан баштап, айыл өкмөттүн кароолуна чейин алмаштырын. Эл колдогон, эл сүйгөн чыныгы мекенчил мырзалар элдин арасында жетишерлик. Ошондо Ли Куан Ю дай реформа жасаган болот элеңиз», - деп жазган ал
Булак: NazarNews.kg