www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров мектептердин салынышы боюнча билдирүү таратты

Бишкек шаарындагы жаңы конуштарды мектеп менен толук камсыздоо үчүн 1,5 миллиард сом бөлүнгөнүн президент Садыр Жапаров 16-апрелде социалдык түйүндөгү баракчасы аркылуу билдирди. Ал быйыл кышта жаңы конуштарды кыдырып чыккан.

«Мектептер жок. Балдар шаарга келип окушат же жөө жалаңдап алыскы айылдарга барышат экен. Дароо 15 мектеп, бир бала бакча салуу чечимин кабыл алдым. Тендер деген балекет 10 жылдан бери иштеп келе жаткан. Ошол тендер деген немеге жамынып алышып, буга чейинки салынган мектептердин бир квадратын 820 доллардан салып келишкен экен.

Сапаты да начар болгон. Жалпы республика боюнча алганда миллиарддаган акчалар желип кеткен. Мен адистерди чогултуп алып, өзүм эсептеп чыктым. Бүгүнкү күндө бир квадрат метрин 650 доллардан салса деле курулушчу пайда табат экен.

Ошол себептен Мэрди дагы ал чогулушка катыштырып, 650 доллардан ашпаган баада салып, 15-сентябрда15 мектеп, 1 бала бакчанын ачылышын кылабыз деп планга киргиздик. Бул мектептердин салынышы жеке менин көзөмөлүмдө турат. Иштин сапатын жана жүрүшүн тиешелүү мекемелер, адистер көзөмөлдөп турушат. Сентябрь эртең эле келет. Сапатын текшерип өткөрүп алабыз. Акча үнөмдөп сапатсыз салса, жоопко тартабыз. Үнөмдөгөн акчасын 100 эсе кайтарабыз дегендей...», - деди президент.

Президент Садыр Жапаров «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына 15-апрелде кол койду. Бул мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2022-жылдын 6-апрелинде кабыл алынган. Өлкө башчынын маалыматы боюнча, жалпы 60 миң квадрат метр курулуп жатат.

«Ар бир квадратынан 170 доллар айырма болгондо 10 миллион 200 миң доллар үнөмдөлдү. Эгер тендер «тең бер» деген балээ менен кеткенибизде бул сумма бирөөлөрдүн чөнтөгүнө кетмек. Кечээ тендерди жоюу боюнча мыйзамга кол койдум. Бир айдан кийин күчүнө кирет.

Мындан ары «тең бер» деп коррупциялашуу жолу менен эмес, коррупциясыз иш алып баруучу механизмдер ишке кирет. Ар бир кабыл алган чечимибизди жети өлчөп бир кесебиз. Эч кам санабаңыздар», - деди президент Садыр Жапаров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости