www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ жана анын Европадагы өнөктөштөрү Орусиядан мунай импорттоого тыюу салууну караштырып жатат. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен 6-мартта америкалык NBC телеканалына берген интервьюсунда айтты.

“Азыр биз орус мунайын биздин өлкөлөргө импорттоого тыюу салуу боюнча европалык өнөктөштөр менен активдүү талкуу жүргүзүп жатабыз. Албетте, ошол эле учурда дүйнөлүк алкакта мунай менен камсыздоонун туруктуулугун сактоо менен”, - деди Блинкен.

Ал кандай жаңы чектөөлөр күтүлүп жатканын так айтпаса да, кандайдыр бир кадамдар таштала турганын четке каккан жок. Орусиянын мунайына байланыштуу мындай болжолдуу чаралар АКШда бензиндин баасы 2008-жылдан бери эң жогорку чекке жеткен учурда талкууланып жатат.

Белгилей кетмсек, былтыр Кошмо Штаттар Орусиядан айына орто эсеп менен 20 миллион баррелден ашык мунай жана кара май импорттогон. Бул АКШнын суюк күйүүчү майды керектөөсүнүн 8 пайыздайын түзөт.

Эске салсак, Орусия 24-февралда Украинага басып киргенден кийин Батыш өлкөлөрү Москвага бир катар экономикалык санкция жарыялады. Азырынча Орусиянын мунай жана көгүлтүр отун тармагына чоң чектөөлөр киргизиле элек. Буга чейин Канаданын өкмөтү Орусиядан мунай импорттоого тыюу салаарын жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости