www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украин делегациясынын мүчөсүнүн сырдуу өлүмү...

Германиянын Bild журналы дүйшөмбү күнү Беларуста Орусия-Украина сүйлөшүүсүнө катышкан украин делегациясынын мүчөсү Денис Киреевге атайын макала арнады. Киреев (44 жашта, үй-бүлөлүү, үч баласы бар) Гомель шаарындагы сүйлөшүүнүн биринчи айлампасына катышкан украиналык сүйлөшүүчүлөрдүн бири болгон.

Анын өлүмүнүн жагдайы тууралуу маалыматтар карама-каршы. Бирок бир нерсе айкын көрүнүп турат: ал атайын өлтүрүлгөн.

Макаланын автору Филипп Фабиан жазгандай, алгачкы маалыматтарга караганда, аны камакка алуу алдында Киреев качууга аракет кылгандыктан, Украинанын СБУсунун ички чалгын кызматы аны атып салган. Себеби: бул версия боюнча, Киреев украиналык өкүлдөр арасында орус агенти болгон. Ал Путиндин адамдарына сүйлөшүү учурунда жашыруун маалыматтарды берип, өз мамлекетине чыккынчылык кылган. Бул тууралуу украиналык «Правда» маалымат сайты өкмөттүк чөйрөлөрдүн ырастоосуна таянып билдирген.

Башка имиштерге караганда, ал атүгүл эки өлкөнүн тең чалгын кызматында кош агент болгон. Иликтөөчү журналист Майкл Вайс муну акылга сыярлык деп эсептеп, Твиттерге жазды. Мурдагы чалгындоочу ага Киреев душмандын чалгынчыларын кармоого канча убакыт коротсо, аларды жашырууга да «ушунча убакыт» короткондугун айтты.

Украинанын дагы бир чалгын кызматы, ГУР деп аталган аскердик чалгын кызматы муну бир нече сааттан кийин жокко чыгарды. Анын айтымында, Киреев атайын операция маалында каза болгон үч ГУР адамынын бири болгон. Алар өз мекенине эрдик менен кызмат кылып, аны намыс менен коргоп курман болушту», - деп жазат Аскердик кызмат Facebook баракчасында.

Киреев банк тармагында жана жеке бизнес менен иштегени жана ага (булак: Obozrevatel маалымат порталы) 2020-жылы Орусиянын пайдасына тыңчылык кылган деген шек менен айып тагылганы да белгилүү. Ал Орусияга байма-бай каттап турган жана Путинге жакын экс-президент Виктор Януковичте иштеген олигархтар менен байланышы бар.

Ушул эле жаңылык порталы дагы бир кызык деталга көңүл бурду: Киреев Украина президентинин кеңсесинин расмий тизмесинде сүйлөшүүчү катары да көрсөтүлгөн эмес. Бирок сүрөттөр анын Киевдин өкүлдөрү менен бирге Гомельде бир столдо отурганын ачык көрсөтүп турат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости