www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америка Кошмо Штаттары жикчил террор уюму ПККнын мүчөсү болгон террористтерге айлык төлөп берүүдө...

«Нью-Йорк Таймс» гезитинин кабарчысы Майкл Гордон, АКШнын Сириянын Менбич аймагында ПККнын бул жердеги уландысы ЙПГга аскердик билим берген комплекске кирип, байкоолорун жазды.

Гордон ЙПГнын башкы кадрын түзгөн жана саны 50 миңге жетиши максатталган «Демократиялык Сирия күчтөрүнүн» Түркия менен карым-катнаштарды чыңалтканын белгиледи. Гордон, 50 миң кишилик күчтөн 27 миңин ЙПГлыктар түзгөнүн белгилеп кетти.

Кабарга караганда 20 күндүк машыгууну бүтүргөн кишилер 100 доллардан айлык акы алышат.

Каза болгон же согушта жаракат алган учурунда бул айлыктардын үй-бүлөлөрүнө төлөнө бере турганы убада кылыныптыр.

Ирак жана Сириядагы Америка күчтөрүн башкарган генерал Степан Таунсенд, гезитке берген маалыматында Ракканы ДЕАШтан кайтарып алыш үчүн жүргүзүлө турган операция максаты менен машыктырылгандар үчүн, «Дагы оор куралдарга муктаждыктары бар. Колдорундагылар абдан жөнөкөй»,-дед.

АКШлык жооптуу кызматтагылар, антитанка куралдарын, минометторду, оор автоматтуу куралдарды жана зооттолгон унаалардын шарт экенин белгилеп кетишти.

Бирок «Нью-Йорк Таймска караганда ЙПГлыктарга оор курал берүү Түркиянын катуу каршы чыгуусуна себепчи болот.

Генерал Таунсендге караганда ЙПГлыктар өздөрүнүн Түркияга карай коркунуч туудурбаганы темасында АКШга убада берген! АКШлык генерал да: «Мен буга ишенемин»,-деди.

ЦЕНТКОМдун командири, генерал  Вотель болсо: «Түркиянын кооптонууларын жоюш үчүн Ракка операциясы убагында ЙПГга керектүү куралдарды берип согуштан кийин бул куралдардын өткөрүлүшүн чектей алабыз. Ачык болобуз. Ок-дарыны өлчөй алабыз»,-деп айтууда.

Бул учурда Сириянын Хасеке шаарына жакын жерде АКШнын террор уюму ЙПГга жиберген зооттолгон унаалары көрүндү. Рейтерс бөлүшкөн фотосүрөттөрдө АКШ тарабынан ЙПГнын омурткасын түзгөн SDGге берилегн, фурага жүктөлгөн зооттолгон унаалар көрүнгөн.

Унаалардын Ракка операциясы үчүн аймакка жеткирилгени айтылууда.       

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости