www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азыркы кыргыз дипломаттарынын атасы, Бабановдун кан досу, бирок камалып жаткандан бери достугунан кечип, караанын көрсөтпөгөн Руслан Казакбаев Палау менен дипломатиялык мамиле түзөө баштады. Башка чоң мамлекеттер Казакбаевге мамиле кылбаса эмне кылат? Палау 458 чарчы чакырым бир айыл аймагындай жери бар арал мамлекет, 19 000 чарчы чакырым жери бар Ат-Башы районунан канча кичинекейлик кылат? Ал эми АКШ Борбор Азиянын өлкөлөрүнө муштум түйө баштады.
Афганистандан чыгып жаткан америкалык аскерлер Тажикстан жана Өзбекстан менен коопсуздук боюнча кеңешме өткөрүшүп, Америка Кошмо Штаттары Тажикстан, Казакстан жана Өзбекстандан америкалыктарга жардам берген 9 миңге жакын афгандыктарды убактылуу кабыл алгыла деди, Мындан тышкары, Вашингтон Тажикстан менен Өзбекстанда чалгындоо операцияларын жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн карап жатат.

Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын өкмөттүк делегациялары чек араны талкуулашты. Өзбекстандын  Фергана шаарында Кыргыз Республикасынын, Тажикстан Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын жолугушуусу болуп өттү. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын, Тажикстан Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын мамлекеттик чек араларынын бириккен чекиттеринин жайгашуусу боюнча сунуштар менен алмашты. Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча тийиштүү Протоколго кол коюлду. Өкмөттүк делегациялардын кезектеги жолугушуусу Кыргыз Республикасынын аймагында өтөт.

Акыркы бир сутка ичинде "Талибан" кыймылы Ооганстандын 9 районун басып алып, көзөмөлгө алууга өтүштү. "Талибан" кыймылы Ооганстандын Пакистан менен чектешкен Кофаб, Арго, Кохистан, Зибак, Яван, Панжвай, Зерок жана Тажикстан менен чектешкен Уорсаж райондорун көзөмөлгө алган.

Буга чейин Тажикстан "Талибан" кыймылы менен кагылышууда артка чегинген 300 Ооган аскерин кабыл алгандыгы кабарланган. Ооганстанда акыркы бир нече айдын ичинде көптөгөн аймактар "​​Талибан" кыймылынын колуна өткөн. Акыркы эки-үч күндө эле бул өлкөдөгү өкмөттүк күчтөр 15 райондон чыгып кетүүгө аргасыз болушкан. Ал эми 22-июнда "Талибан" кыймылы Тажикстан менен Ооганстандын чек арасындагы "Шерхан-Бандар" аттуу бажы өткөрмө пунктун басып алган.

1-майда АКШ баштаган чет элдик аскерлер Ооганстандан чыгып кете баштагандан кийин "Талибан" согушкерлери өкмөттүк күчтөргө каршы айыгышкан күрөштү улантууда. Ооганстандын бир нече аймагын толугу менен көзөмөлгө алган "Талибан" кыймылы Ооганстандын аймагындагы чет элдик аскерлердин өз убагында өлкөдөн чыгып кетишин талап кылды. АКШ күчтөрү жана алардын НАТОдогу өнөктөштөрү Ооганстандан апрель айында кете башташкан. Бул процессти 2021-жылдын 11-сентябрына чейин бүтүрүү пландалууда. Ал эми Улуу Британия Ооганстанда чакан аскер кызматкерлерин калтырууну көздөөдө. Бирок бул боюнча азырынча акыркы чечим жок. Чечимди жакын арада Улуттук коопсуздук кеңешинин жыйынынан кийин Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон кабыл алышы керек.

Европа Биримдиги-Борбордук Азия-Афганистан саясий жана коопсуздук маселелери боюнча жогорку деңгээлдеги диалогдун жыйынынын алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиевдин Афганистандын тышкы иштер министринин орун басары Мирвайс Наб менен жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык, диний экстремизмге, эл аралык терроризмге жана баңги заттарынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү жаатында кызматташуу, ошондой эле эки тараптык кызматташтыктын Биргелешкен планын кабыл алуу зарылдыгы тууралуу талкуулашты. Кыргызстан аймакта коопсуздукту камсыздоодо Афганистандын чек аралык райондорунда туруктуулукту сактоонун маанилүүлүгүн белгилеп, Кыргызстандын афган аралык элдешүү процессин илгерилетүү үчүн бардык күч-аракеттерин жумшоого даяр экендигин билдирди.

Ошондой эле Кыргызстан афган тараптын этникалык кыргыздардын абалын жакшыртуу боюнча, атап айтканда, Афганистандын Кичи Памиринде жол куруу боюнча көргөн чаралары үчүн кесиптешине жана ал аркылуу Афганистан өкмөтүнө ыраазычылыгын билдирди жана кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирүүдө Кыргызстан өкмөтүнө мындан ары жардам көрсөтүлөрүнө ишеним билдирди.

Мирвайс Наб афган аралык жарашуу процессин илгерилетүүдө Афганистандын өкмөтүнө көрсөткөн колдоосу үчүн кыргыз тарабына ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле ал Афганистандын тынчтыкка, туруктуулука жана аймактык коопсуздукту чыңдоого умтулуусун баса белгилеп, боордош жана дос мамлекеттердин жардамы менен афган эли тынчтыкка жана гүлдөп-өсүүгө жете тургандыгын билдирди.

Жолугушуунун соңунда тараптар кыргыз-афган эки тараптуу мамилелерин чыңдоо үчүн күч-аракеттерин жумшоого даяр экендиктерин билдиришти.

АКШнын аскерлери Афганистандагы Баграм авиабазасынын имаратынан чыгып кетери менен ал жакты мародёрлор тоношту. АКШ аскерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө Баграмдан чыгып кетип жаткандыгы тууралуу маалымат бербегендиктен, имаратты эч ким кайтарууга алган эмес. Адистер бул америкалыктар өлкөдөн чыгып кеткенден кийин болчу башаламандыктын алгачкы гана белгиси деп эсептөөдө. Буга чейин АКШ президенти Жо Байдендин администрациясы куралдуу күчтөрүн Афганистандан чыгарып жатканына байланыштуу бул өлкөнүн америкалыктарга жардам берген тогуз миңдей жаранына баш калкалоо берүүнү Борбор Азия өлкөлөрүнөн суранган.

АКШнын Ооганстандагы эл аралык күчтөрдүн кол башчысы, генерал Скотт Миллер Ооганстандагы жаңжалдын курчушу жарандык согушка алып келиши ыктымал экенин айтты. Радикал "Талибан" кыймылынын Ооганстандагы жаңы аймактарды өтө тездик менен басып алышы бул өлкө менен чектеш жашаган башка мамлекеттерди тынчсыздандырышы керек.

Генерал Миллер Кабулда өткөн маалымат жыйында "Талибандын" позицияларына чабуул жасоо уланышы мүмкүнбү” деген суроосуна жооп берип жатып, талибдер бул чабуулдардын уланышын каалабаса, бардык аскердик операцияларын токтотушу керектигин айтты. Буга жооп иретинде "Талибан" кыймылынын маалымат катчысы Забехулло Муджохид АКШ Ооганстандагы аскерлерин чыгарып кетүүнү создуктуруу менен Катарда жетишилген келишимди бузуп жатканын билдирди. 14-апрелде АКШнын президенти Жо Байден 11-сентябрга чейин Ооганстандагы америкалык аскерлер толугу менен чыгарыларын жарыялаган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости