www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Росэксмбанк жаңы кыргыз-россия долбоорлору үчүн 27 млн долларга каржы линиясын ачат. Бул тууралуу Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун башчысы Артем Новиков билдирди.

Анын айтымында, мындай келишим анын Росэксимбанк башкармалыгынын төрагасы Азер Муталим менен жолугушуусунан кийин макулдашылган.

Ал мындай чечим кыргыз-россия кызматташтыгын тереңдетүүгө түрткү бере турганын боолголойт

"Ошондой эле биз 2021-жылы августка чейин жеңилдетилген шартта Кыргызстанга Россияда өндүрүлгөн жогорку технологиядагы жабдыкарды жана айыл чарба техникаларын жеткирүү боюнча лизингдик программаны ишке киргизүү мүмкүндүгүн иштеп чыгууга макулдаштык. Бул программанын аркасында ата мекендик ишкерлер жакшы шарттарда өз долбоорун ишке ашыруу үчүн Россиянын техникалары жана жабдуулары менен камсыздоочу алдыңкы ташуучуларга жеткиликтүүлүккө ээ болушат.

Кыргызстандагы долбоорлорго Россиянын бизнес инвестицияларын жумшоону колдоо, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду кароо жана бекитүү убактысын кыскартуу үчүн Россиянын каржы институттары менен кызматташууну кеңейтүү маанилүү деп эсептейбиз”,-деп жазган Новиков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости