www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Тажикстан менен чек араны аныктоодо олуттуу көйгөйлөр жаралууда», - деди бүгүн, 5-июнда NazarNews маалымат агенттигине Генерал-майор Курсан Асанов.

- «Эгер алдыга жылгандан корксоң, анда артыңды кара. Алдыда турган тоскоолдуктар көрүнбөйт, ал эми мурунку ийгиликтериң дем-күч берет» - деген экен Конфуций. Жашоодо алдыга койгон максаттардын канчасы иш жүзүнө ашты?

- Жашоо – бул сабак, жашоо – бул күрөш. Ар-дайым алдыга умтулуу менен, элиме ак кызматымды өтөй берем, аша турган ашуулар али алдыда. Артымды карасам да элиме жасаган аздыр-көптүр кызматым бар. Көргөндөр аны көрүп, баалагандар баалап келе жатат. Алар үчүн ченемсиз ыраазычылык. Кан күйгөн жерде мамлекеттимдин кызыкчылыгын, элимдин өмүрүн сактоо милдетим. Ал милдетимди буга чейин да, келечекте да аткарууга даярмын. Жүрөгүмдүн кагышы элим деп согот!

- Сизге элиңиз эбак эле «элдик генерал» наамын ыйгарып койгонун жакшы билебиз. Дегеле, Кыргызстанда кандай кырдаал жаралбасын ар бир жарандын бир тал чачы, бир кашык канын жерге тамдырбастан күнөстүү жерибизге тынчтык орнотууну милдет катары сезип келесиз...

- Элиме таазим этем. Биринчи кезекте Алла-Тааламдын колдоосу менен бардык улуттардын кызыкчылыгын коргоо жана бейиштин төрүндөй болгон Кыргызстанымдын тынчтыгын орнотуу -башкы милдетим деген менин төл сөзүм, муну айтып келгенбиз жана акыркы демибизге чейин айта беребиз.

- Баатырдык мүнөз канда бар дейт кыргыз. Аттан аттын неси артык-ашыра баскан изи артык. Эрден эрдин неси артык-элине күйгөн жаны артык деген накыл кеп Барсбек Каганга таандык экен. Мекенин жанынан артык сүйгөн, Ата Журттун тынчтыгы, элинин бейпилдиги үчүн жүрөгүн сууруп берүүгө даяр эр-азаматтарыбыз сейрек. Элиңиз сизди ошол сейректердин бири катары көрөт. Сөзүбүз куру болбос үчүн кечээки Баткен окуясында Курсан Асановдой дипломатиянын тилин билген кесипкөй согушту болтурбас эле деген өкүнүчтөрү болду. Андан калса, Асанов дегенде каргашалуу июнь окуясындагы от кечкен күндөр эске келет эмеспи...

- Албетте, өкүнүчтүүсү 2010-жылдагы июнь окуясы тарыхыбызда кара так болуп жазылып калды. Эл тагдыры кырчылдаган кыл үстүндө «өлүмгө-өлүм, канга-кан» деп кыргыз-өзбек тирешип турган, эки элдин аксакалдарын, мекен үчүн күйгөн чыныгы уулдарын, патриот жаштарын сөзгө келтирип, эки элди ынтымакка чакырганбыз. Ошондогу апааттын күнү бүгүнкүдөй эсимде. Бир эле көз ирмемде эске салып кетейин, алдымда кыргыздар, артымда өзбектер... Кай жактан адашкан ок денемди тешип өтөр экен деп мен эле окко учсам мейли эле, бөөдө күнөөсүз карапайым эл кырылып калбагай, эле деп ойлонгондо сай-сөөгүм сыздай түшкөнүн эстегенимде азыр дагы денем дүркүрөп кетет...

Баткендеги чек арадагы кырдаал боюнча айтсам, баткендик туугандарга чыныгы атуулдук парзын аткарып, жерибизди коргоп, мамлекеттин бүтүндүгүн сактап калууда зор салым кошкондугу үчүн терең ыраазычылык билдирем! Ошол окуяда курман болгондор бүгүнкү күндүн баатырлары!

- Кытай өзүнчө уюп жаткан сыр, татаал табышмак. Жарды Кытайды түп тамырынан бери өзгөрткөн реформатор жана мамлекеттик ишмер Дэн Сяопинди тарыхты өзгөрткөн инсан катары эсептешет. Түрктөрдөн Мустафа Кемаль Ататүрк. Ал эми бизден чыккан чыгаан эл башчы катары кимдерди атай аласыз?

- Кыргыз каганатын түптөгөн - Барсбек Каганды, Кыргыз мамлекеттигин түптөөчүлөрдөн – Исхак Раззаковду жогору баалаймын. Исхак Раззаков атабыз тушунда Кыргыз ССРи болуп көрбөгөндөй ийгиликтерге жетишкен. Кыргызстандагы азыркы негизги жогорку окуу жайлар, театрлар, Илимдер Академиясы ачылган. ГЭСтер, суу сактагычтар, ондогон завод-фабрикалар курулган. Исхак Раззаков өзү мыкты мамлекеттик ишмер эле эмес, акылман, философиялык ойлорго бай адам болгон. Анын «Жакшы жетекчи болоордон алдың, жакшы адам бол!», «Касташуудан кач, бирок калыстыктан тайба», «Бай жашоого болот, өрнөктүү жашоо кыйын» деген сыяктуу жүздөгөн насааттары ар дайым бизге сабак жана өрнөк бойдон кала берет.

- Түркиянын даанышман ойчулу Мевлананын «көрүнүшүңдөй, болушуңдай көрүн» деген жакшы накыл кеби бар. Биздин доордо кандай болсо, ошондой көрүнгөн мамлекет ишмерлери дейбизби же саясатчылар кимдер?

- Ар-бир инсандын ким болбосун өз жашоо принциптери, мамлекетчил көз карашы болушу абзел. Айткан сөзү менен жасаган иши – дал келген инсан болууга умтулуубуз керек. Өзгөчө эл башкарабыз деген саясатчылар мына ушул сапатты карманыш керек. Ансыз саясатчыларга, мамлекеттеги кызматкерлерге элдин ишеними кетип, анын соңу мамлекетке абдан чоң проблема жаратат. Бийлик башындагыларга ишенимдин кетиши кыргызстанды ушул кезге чейин абдан чоң көйгөйлөргө салды. Мамлекетти артка таштаган кандуу төңкөрүштөрдүн себеби да ушул ишеним жоктуктан пайда болгон десек жаңылбайбыз.

-  «Жүрөктүн арам оюн жүздүн анткор жылмаюусу далдаалап жаап турат» деген экен Шекспир. Бул таасирдүү сөздү сөз кадырын билген инсан кандай чечмелейт болду экен...

-  Ар бир даанышман, ойчул, акылмандар айткан таасирдүү сөздөрү - өзүнүн өмүр таржымалынан алынып, башкалар үчүн сабак катары айтылган таамай сөздөр. Ал эми жогорку айтылган сөздү – эки жүздүү, саткын, кошоматчы, дайыма жанында жүрүп башына мүшкүл иш түшкөндө – далыңа бычак урган чыккынчылыкты сүрөттөсөк туура болчудай.

-  Өжөрлүк чечкиндүүлүккө алып барган жол. Өжөрсүзбү?

- Ар бир адам баласы өмүр бою күжүрмөн аракет менен адам баласына тийиштүү асыл сапаттарды алууга умтулуу керек. Алдыга койгон бийик максаттарга жетүүдө өжөрлүк керек. Ансыз ара жолдо калышың мүмкүн.

-  Улуу адам учурдан озуп жүрөт, акылдуусу учурдан калышпайт, митайым андан пайдалангысы келет, бирок акмак адам ага жолтоо болот дешет. Ушул өңдүү адамдарды жашооңузда жолуктурбай койбосоңуз керек...

- Турмуш жолумда ар-кандай адамдар менен кездешкен учурлар көп болгон. Алардан сабак алып, өзүңдүн максатыңа умтулуу, адамдык бийик сапаттарды сактоо башкы маселе деп эсептеймин.

- Ушул тапта өлкөбүзгө аба менен суудай керек болуп турган эмнелер деп ойлойсуз?

- Элибиздин ынтымагы, тынчтык, туруктуулук жана өнүгүү.

- Коомдогу коркунуч кайсы? Унутта бараткан кыргыздын патриот уулдарыбы же тез эле атактуулукка умтулган жасалма жүздөрбү?

- Эч ким, эч нерсе – унутта калбайт. Убакыт баарына тараза. Албетте, мамлекеттин кызыкчылыгынан, өз кызыкчылыгын жогору койгон бийлик сересине чыгып алган макулуктар коркунучтуу.

- Чек-ара маселесин чечүү боюнча жеке оюңуз кандай?

- Чек ара маселеси бизде абдан курч турат. Өзгөчө Тажикстан менен чек араны аныктоодо олуттуу көйгөйлөр жаралууда. Ал кыска мөөнөттүк согушуу аракеттер, тирешүүгө алып келди. Негизи чек ара маселеси сүйлөшүү, дипломатия жол менен гана чечилиш зарыл. Чектешкен мамлекеттер менен бирге басып өткөн тарыхын, достугун, кошуналык карым-катнашын сактап калышыбыз керек. 

-  КРдин экономикасын жогорлатуу жолдору?

- Акыркы абалдарга дүйнө жүзүндө болуп жаткан пандемияга жана болуп жаткан саясий абалга байланыштуу Кыргыз Республикасынын экономиканысын көтөрүү үчүн убакыт керек. Ал үчүн көптөгөн иштерди ачык, таза жана акыйкат жүргүзүү керек. 

Ал эми жолдор туралуу айта кетсем:

Биринчиден: Мыйзамдуулук бекем сакталган өлкөнү куруу эң башкы маселе. Мыйзамдуулук сакталган жерде инвестиция да корголот. Демек, бизнестин өнүгүшүнө, экономиканын өсүшүнө шарт түзүлөт. Коррупция бизде кадимки көрүнүшкө айланып калды.

Бирок ага каршы курөштө да мамлекет мыйзамдуулукту сактоого тийиш. Негизи коррупцияга жол берген жагдайларды, себептерин толугу менен жоюп, экономикалык кылмыштардын алдын алуубуз керек. Коррупцияга каршы күрөш тандамал эмес, мыйзамга ылайык тегиз жүрүүгө тийиш.

Ошол эле учурда мамлекеттик кызматкерлердин айлык маянасы да жетиштүү болуп, аны коррупция азгырыгынан сактоого тийиш. Коррупцияга аралашкан кызматкерлер катуу жазаланып, мамлекеттик кызматка кайра келгис болуш керек.

Экинчиден: Бизнес тармактарга ыңгайлуу шарттарды түзүү зарыл. Мамлекеттик салык саясаты өндүрүштүн, ишкерликтин өнүгүшүнө, алардын көмүскө эмес, ачык иштешине алып келе тургандай болууга тийиш. Мына ошондо, натыйжада көмүскө экономика да ачыкка чыгып, салык базасы кеңийт. Салыктын бюджетке түшүүсү да арбыйт. Мамлекет ири инфраструктуралык долбоорлорду турмушка ашырууну колго алыш керек.

- Азыркы күндүн саясий абалы...

- Эң негизи, кандай гана учур болбосун мекенибизде тынчтык, туруктуулук жана мыйзамдуулуктун толук сакталуусу менен жана адилет башкаруу аркылуу алдыга карай өсүүбүз керек.

Динара Асылбекова, журналист

Булак: NazarNews.kg

Последние новости