www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Душанбедеги элчилиги Тажикстандын Коргоо министрлигине IVECO үлгүсүндөгү сегиз жүк ташуучу унаа жана аларга тетиктерди берди. Жардамдын жалпы суммасы 2,3 миллион долларды түздү.

"АКШ 2021-жылы октябрда да Тажикстандын Коргоо министрлигине жалпы баасы 1,4 миллион долларды түзгөн J8 үлгүсүндөгү 20 жолтандабас автоунаасын берген. Азыркы жаңы жардамыбыз тажик тарапка ал транспорт каражаттарын жакшы абалда узак убакыт пайдалануусуна мүмкүнчүлүк берет", - деп жазылган элчилик 5-майда тараткан билдирүүдө.

Жардамды тапшыруу аземинде элчинин орун басары Бриджит Уокер АКШ жакынкы эки жылдын ичинде Тажикстандын коопсуздук тармагына жардам катары 60 миллион доллардан ашык каражат бөлүүнү пландап жатканын айтты.

Расмий маалыматтарга ылайык, АКШнын өкмөтү 1992-жылдан бери Тажикстандын коргоо тармагына жардам катары 330 миллион доллардан ашык каражат берген.

Элчиликтин билдирүүсүндө АКШ акыркы 30 жылдын ичинде коопсуздук, экономикалык өнүгүү, саламаттык сактоо, жарандык коргонуу жана билим берүү программаларынын алкагында Тажикстанга жардам катары жалпысынан 1,8 миллиард долларлык каражат бергени белгиленген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости