www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Каржы министрлиги Орусия, Казакстан жана Словакиянын үч компаниясын санкциялык тизмеге киргизди. Буга алардын Түндүк Корея менен байланышы себеп болгон.

АКШнын пикиринде, бул фирмалар Орусия менен Түндүк Кореянын ортосундагы курал-жарак келишимдерине көмөктөшкөн.

Санкциялык тизмеге орусиялык "Верус" жоопкерчилиги чектелген коому, казакстандык Defence Ingeneering жана словакиялык Versor компаниялары кирет. Алардын баарынын ээси - словакиялык бизнесмен Ашот Мкртычев.

АКШнын Каржы министрлигинин түшүндүрмө катында айтылгандай, Мкртычев өзүнүн компаниялары аркылуу Москванын өкүлдөрү менен Түндүк Кореядан Орусияга куралдын 20дан ашык түрүн жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Бул АКШнын Түндүк Кореяга киргизген санкцияларын бузуу дегенди билдирет.

Мкртычев Азербайжандын жана Словакиянын жараны, быйыл 30-марттан бери АКШнын жеке санкциясына илинген.

Кошмо Штаттардын каржы министринин орун басары Брайан Нельсон АКШ "Түндүк Кореянын курал-жарактарын Орусияга жеткирүүгө көмөктөшкөн мыйзамсыз каржы тармактарын жок кылууну" уланта турганын айтты.

СССР тарагандан кийин Казакстанда ири көлөмдөгү курал-жарак жана аскердик техникалар калган. 1999-жылы Казакстандын МиГ-21 истребителдерин Түндүк Кореяга сатуу аракети эл аралык жаңжалга алып келгени белгилүү.

Бул окуялардан кийин улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Нуртай Абыкаев менен коргоо министри Мухтар Алтынбаев отставкага кеткен. Казакстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Бахытжан Ертаев согуштук учактарды мыйзамсыз сатуу боюнча сот алдында жооп берген. Ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга айыпталып, бирок акталган. Дагы бир айыпталуучу, ишкер Александр Петренко "аткезчилик" беренеси боюнча эки жылга соттолуп, бирок мунапыс менен эркиндикке чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости