www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Энергетика тармагында күздөн тартып жаз чыкканга чейин элди түйшүккө салган көйгөй жарала турганы айдан ачык көрүнүп калды. Мына азыртадан эле жайдын толуп турган саратанында жер-жерлерде оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу деген шылтоо менен электр энергиясы күнү-түнү суткалап өчүп жатат. Токтогул суу сактагычында топтолгон суунун көлөмү болсо нормадан өтө аз. Бийлик тыштан электр энергиясын экспорттоп келебиз, көйгөй болбойт деп ишендирүүдө. Бирок айтылган убадалардын боосу бек болоруна деле көз жетпейт. 

Себеби, чындап кырдаал оор. Мындай көрүнүш менен эл кыш чилдесинде сууктун каарын жакшы эле тарта турган өңдөнүп турат. Андыктан, эл бийликке ишенип алакан жайып жайдак отура беришпей, кышка карата отун-сууну кенен камдап, азыртадан өз камдарын өздөрү эртерээк көрүшкөнү оң. Кылычын сүйрөп кыш келгенде, тоок туурунда какылыктайт болгондон майнап чыкпайт. Ал кезде чекең менен жер сүзгөнүң маанисиз болот. 

Кыскасы, быйыл кыштан Энергетика министри Таалайбек Ибраев элди запкы тарттырып, түйшүккө салса, коомчулукта бийликке карата ишеними төмөндөп, чоң суроолор жаралат. Андыктан, кышкы даярдык иштерине байланыштуу кандай көйгөй болсо да элге ачык айкын түшүндүрүп иш алып барган зарыл.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости