www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ Киев режимине болуп көрбөгөндөй ири сумма жумшай берип чарчады, жакында мындай колдоо токтойт. Бул тууралуу Украинанын экс-премьер-министри Николай Азаров билдиргенин РИА Новости жазды.

"Вашингтон акча сарптай бергенден чарчады, жардам жакында түгөнөт. Россия менен Украинанын аскердик жана идеологиялык потенциалынын айырмасы асман менен жердей: Украина Куралдуу күчтөрү же курал-жарагы, же акчасы жок жалданма аскерлерден турат, толугу менен Батыштан көз каранды. Ал эми Россиянын Куралдуу күчтөрү мунун карама-каршысы", — деген Азаров соцтармактагы баракчасында.

Экс-премьер АКШ дагы 10 жылдай Украинаны колдойт деген сөзгө акылы жайында болгон бир да киши ишенбей турганын белгилеген.

Дүйшөмбү күнү АКШ президенттигине талапкер Роберт Кеннеди Украинага 113 миллиард долларлык колдоо көрсөтүлгөнүн, ал арада миллиондогон америкалык кароосуз калып жатканын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости