www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ Украинага жылуулук жана электр энергиясын өндүрүүчү жабдуулар менен жардам көрсөтүүдө кыйынчылыктарга дуушар болууда. Бул тууралуу Foreign Policy басылмасы билдирди.
Басылманын айтымында, АКШ бийлиги жана бейөкмөт уюмдары үчүн Украинанын өтүнүчтөрүн канааттандыруу кыйын, анткени алар климаты жылуу өлкөлөргө материалдык жардам көрсөтүүгө көнгөн. Ошол эле учурда Вашингтон туш болгон проблемалар эки өлкөдө тең нааразылыктын күчөшүнө алып келди.
Белгиленгендей, украин бийликтери америкалык кесиптештерин Украинага ижарага берүү мыйзамында каралган каражаттарды Киевге жабдууларды сатып алууга жумшоого үндөдү.
Эске салсак, буга чейин Вашингтон кыш мезгилине даярдык көрүү үчүн Киевге 25 миллион доллар бөлөрү айтылган. Бул каражаттар үйлөрдү жылытууга жана электр энергиясы менен камсыздоого жардам бериши керек.
Булак: NazarNews.kg