www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абаддагы «Справедливость» укук коргоо уюму “Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук” боюнча сурамжылоо жүргүздү. Респонденттерге 10 жөнөкөй суроо берилди.

Үй-бүлөдөгү зомбулук маселеси аялдарды көбүрөөк тынчсыздандырат. Сурамжылоого эң көп 25 жаштан 34 жашка чейинки колдонуучулар кызыгып, экинчи орунда 35-44 жаштагы респонденттер, үчүнчүдө 45-54 жаштагылар болгон.

Сурамжылоого катышкандардын 86 пайызы Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук фактылары көп деп эсептешет. Ар бир үчүнчү адам ага дуушар болгон.

Колдонуучулардын жарымынан көбү үй-бүлөлүк зомбулук фактылары массалык маалымат каражаттарында чагылдырылышы керектигин белгилешти. Ошол эле учурда 90 пайызы тарбиялоонун жана көзөмөлдөөнүн зомбулук ыкмасына каршы.

Көпчүлүгү үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылган учурда кайда кайрыларын дагы деле билбейт. Бирок, ошол эле учурда алардын дээрлик жарымы милицияга, үчтөн бири гана жергиликтүү активисттерге үмүт артышат.

Сурамжылоого катышкандардын дээрлик 70 пайызы үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка жакындары жана тааныштары тарабынан кабылган. Ошол эле маалда респонденттердин 80 пайызы мамлекеттик органдар үй-бүлөлүк зомбулук менен күрөшүүдө натыйжасыз, анткени жабырлануучулар көпчүлүк учурда коргоосуз калышат деп жооп беришти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости