www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Венесуэланын президенти Николас Мадуро АКШдан мүмкүн болгон чабуулга байланыштуу Аскер-аба күчтөрүнө «согушка даяр болууга» буйрук берди.

Улуттук басылмалардын маалыматына караганда, Мадуро Венесуэланын борбору Каракаста өткөн Боливариандык аскер-аба күчтөрүнүн 105 жылдык мааракесине катышып, АКШнын өлкөгө карата күчөп жаткан коркутууларына жооп берди.

Мадуро Венесуэлага мүмкүн болгон чабуулга байланыштуу, Аскер-аба күчтөрүнө «ар дайым сергек болуп, тапшырмаларды аткарууга даяр болууну» буйруганын билдирди.

Ал акыркы 17 жума ичинде түрдүү коркутуулар болуп жатканын баса белгилеп:

«Империалисттик чет элдик күчтөр (АКШ) Кариб деңизинин, Түштүк Американын жана Венесуэланын тынчтыгына жалган жана ашкере жүйөлөрдү айтып коркунуч жаратууда. Бул жүйөлөргө америкалык коомчулук да, дүйнөлүк коомчулук да, күчтүү венесуэлалык коомчулук да ишенбейт», — деди.

Мадуро өлкө өзүнүн жолун ар-намысын жана көз карандысыздыгын жоготпой улантып жатканын белгилеп:

«Бүгүн Венесуэлада элди коркуткандай эч кандай коркунуч да, агрессия да жок. Боливардын жетекчилигиндеги бул эл өз мекенин, жерин, деңизин, асманын жана тарыхын коргоого тынчтык менен даярданып жатат», — деп кошумчалады.

Последние новости