www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Атадагы көлмөдө 90 тонна балык кырылып калган

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы балыктардын массалык өлүшү боюнча билдирүү берди.

Ага ылайык, үстүбүздөгү жылдын 12-августунда Ысык-Ата районунун Ак-Кудук айылы аймагында жайгашкан "Жаңы" бассейнде балыктардын массалык өлүмү катталган. Жалпы 90 тоннадан ашык балык өлгөн.

Бул факты боюнча "Сууларды булгоо" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Текшерүү жүргүзүүдө экологиялык коопсуздук, ветеринардык-санитардык көзөмөл жана башка компетенттүү органдар менен өз ара аракеттешүү камсыздалат.

Милиция тергөө иштерин мыйзам менен белгиленген мөөнөттөрдө, мыйзамдуулук, объективдүүлүк жана жоопкерчилигинен кутулбоо принциптерине таянып жүргүзүлөрүн кепилдейт. Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшү туруктуу ведомстволук көзөмөлдө турат.

Тергөө натыйжасында процессуалдык чечим мыйзам талаптарына ылайык кабыл алынат.

Последние новости