www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Техас штатындагы Сан-Антонио шаарында жүк ташуучу унаанын ичинен 46 мигранттын сөөгү табылганын полиция билдирди. Дагы 16 адам ооруканага жаткырылды. Ассошиэйтед Пресс агенттигинин маалыматына караганда, бул Мексикадан чек арадан адамдарды өткөрүү менен байланышкан окуялардын эң көп курмандыктарынын бири болушу мүмкүн.

Каза болгондордун жарандыгы расмий айтылган жок, бирок окуя болгон жерге Мексика консулдугунун өкүлдөрү жөнөп кетишти.

Полиция жүк ташуучу унааны Квинтана жолунун боюндагы блоктон, темир жолдун жанынан табышкан. Карталарга ылайык, бул жер Мексика менен чек арадан 943 км алыстыкта ​​жайгашкан. Сан-Антониодо 27-июндагы температура 39,4°Сге жеткен.

Аялдар, эркектер жана өспүрүмдөр ысыктан каза болушту, деп билдирди Сан-Антонио өрт өчүрүү кызматынын башчысы Чарльз Гуд.

Губернатор Грег Эбботт өлүмдөрдү президент Жо Байдендин иммиграция саясаты менен түшүндүрдү.

«Бул өлүмдөр [АКШнын президенти Джо] Байденге байланыштуу. Бул анын чек араларды ачуу саясатынын натыйжасы», - деди ал.

2017-жылы да Сан-Антониодо мигранттардын сөөктөрү менен жүк ташуучу унаа табылган. Анда он адам каза болгон. Айдоочу мигранттарды мыйзамсыз алып өтүүгө катышкан деп өмүр бою эркинен ажыратылган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости