www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаттары офицерлердин пенсияга чыга турган курагын жогорулатууну сунуштап жатышат.

Кечээ, 27-июнда парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети «Жалпыга бирдей аскердик милдет, аскердик жана альтернативдүү кызмат» жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун жактырды.

Жыйында депутат Нурбек Сыдыгалиев баяндама жасаган.

«Офицерлердин 90 пайызы аскердик жогорку окуу жайында мамлекеттин бюджетинин эсебинен билим алат. Бул аскердик кызматтын мөөнөтүн узартуунун негизги фактору болуп саналат. Андан тышкары, учурда офицердик курамды жаңы деңгээлге көтөрүш керек. Ошондуктан аскердик кызматтын мөөнөтүн узартуу зарылчылыгы жаралды», – деди Сыдыгалиев.

Ал офицерлердин аскердик кызматта болушунун чектүү курагын төмөнкүдөй узартууну сунуштады:

– капитанга 45 жашка чейин (учурда 43 жаш),

– майорго 50 жашка чейин (учурда 48 жаш),

– подполковникке 53 жашка чейин (учурда 48 жаш),

– полковникке 55 жаш (учурда 53 жаш).

Депутат Нуржигит Кадырбеков буга эмне себеп болуп жатканын сурады.

«Геосаясий абалбы? Чек арадагы абалдын курчуп жатканыбы? Мындай идея кайдан чыкты?», – деп сурады Кадырбеков.

Сыдыгалиев аскердик кызматта болууну 2 жылга гана узартып жатышканын айтты.

«Тажрыйба топтогондон кийин пенсияга чыгып кетүүдө», – деп түшүндүрдү Сыдыгалиев Кадырбековго.

«Анын үстүнө азыркы геосаясий окуялар аскер адамдарынын актуалдуулугун күчөтүп жатпайбы», – деген Кадырбеков айлык ала турган аскер кызматкерлеринин саны канчага көбөйөрүн сурады.

«Мен Каржы министрлигине кат жаздым. Биз офицерлердин гана иштөө мөөнөтүн узартып жатабыз. 1 жылга болгону 5 млн 995 миң сом кетет экен. Бул Каржы министрлигинин маалыматы. Бул жерге Коргоо министрлиги, Чек ара кызматы, УКМК, ӨКМ, Аскер прокуратурасы жана Ички аскерлер кирет», – деди Сыдыгалиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости