www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
27-июнда НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Орусиянын Украинага басып киргенине байланыштуу альянс ыкчам аракет көрүүчү күчтөрүн 300 миң жоокерден ашыра турганын билдирди.
Баш катчы блок чыгыш флангдагы аскерлерин күчтөндүрөрүн Мадриддеги саммит алдында белгиледи. Азыркы тапта НАТОнун ыкчам аракеттенүүчү күчтөрү 40 миң жоокерден турат.
28-29-июнда өтүүчү саммитте Москваны “стратегиялык өнөктөш” деп атаган аныктама өзгөртүлмөкчү. Мындай чечим 2010-жылы кабыл алынган.
Столтенбергдин айтымында, стратегиялык концепциядан ал сөздөрдү алуу Мадридде макулдашылмакчы.
“Орусия коопсуздугубузга, баалулуктарыбызга, мыйзам үстөмдүгү өкүм сүргөн эл аралык тартипке түздөн-түз коркунуч жаратарын бардык мүчө-мамлекеттер так айтышат деп күтөм”, - деди Столтенберг.
Булак: NazarNews.kg