www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия президенти Владимир Путиндин экономикага таасир эте аларын түшүнгөн АКШ менен Европа дүрбөлөңгө түшүп жатат. Бул тууралуу журналист Клейтон Моррис Redacted YouTube каналында билдирген.

"АКШ Россиядан келчү урандан катуу көз каранды. Путин сөздүн түз маанисинде Американын экономикасын жок кылып кое алат. АКШ санкцияга карабай Россиядан керектүү урандын жарымын алып жатат. Биздин бийлик зарыл болгон урандан башкасынын баарын санкциялык тизмеге киргизген. Бали!" — деп жазды журналист.

Анын айтымында, Европанын өзөктүк энергетикасынын да уранга муктаждыгы күч. Моррис Нигердеги кырдаал АКШ менен Европанын мүмкүнчүлүктөрүн кыйла кыскартып койгонун, болбосо алар бул өлкөнүн кен байлыктарынан көптү үмтөтүп келишкенин белгилеген.

"Кошмо Штаттар Африкадагы өзүнүн түтүгүн ишке киргизүү үчүн "Түндүк агымды" жардырышты — акылдуу кадам. Келгиле, каршылаштарыбызды деле жардырып салбайлыбы", — деген Моррис.

Ал Африка акырындап "ресурстарын уурдап келген" Батышка жооп кайтара баштаганын белгилеген.

Эскерте кетсек, июлдун соңунда Нигердин президенттик гвардиясынын аскер кызматкерлери өлкө башчысы Мохамед Базумдун бийликтен четтетилгенин жар салышкан. Батыштагы бир катар мамлекеттердин лидерлери жана регионалдык ЭКОВАС уюму төңкөрүштү сынга алган. Нигер уранга бай өлкө, бул ресурстан Франция катуу көз каранды. Франциялык АЭСтер үчүн чийки заттын 15-17 пайызы дал ушул мамлекеттен келет.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости