www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШда AstraZeneca вакцинасынын өндүрүшү токтотулду

АКШнын Балтимор шаарында коронавируска каршы AstraZeneca вакцинасынын өндүрүшү токтотулду. Буга вакцинаны чыгарган заводдогу кызматкерлердин кетирген катасы себеп болгонун чет элдик маалымат каражаттары жазышууда. 

Маалыматка караганда, Emergent BioSolution компаниясы AstraZeneca жана Johnson & Johnson вакциналарын өндүрүүнү колго алган. Бирок кызматкерлер эки вакцинанын компененттерин алмаштырып алып, препараттын 15 миллион дозасы жарактан чыккан.

Мындан улам ишкана келечекте мындай окуялар кайталанбас үчүн Johnson & Johnson вакцинасын гана чыгарууну чечти.

Учурда AstraZeneca компаниясынын жетекчилиги өз продукциясын өндүрүү үчүн башка ишкана издеп жатканы айтылды.

Ушул тапта АКШда Pfizer, Moderna жана Johnson & Johnson вакциналарын колдонууга уруксат берилген. Ал эми AstraZeneca препараты расмий түрдө каттоодон өтө элек.

AstraZeneca — Англия менен Швеция биргеликте иштеп чыккан вакцина. Бирок аны пайдаланууну Европанын 20дан ашуун өлкөсү токтотту. Себеби эмделгендерден тромбоз аныкталууда. 

Булак: NazarNews.kg



 

Последние новости