www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте ит кол салган баланын абалы айтылды

Бишкекте ит кол салган баланын абалы тууралуу Бишкек шаарындагы Тез жардам балдар клиникалык ооруканасынынан айтып беришти.

Буга чейин интернетте чоң ит окуучу бала менен аялга кол салып, аларды тиштеген тасма тараган. Көчөдө өтүп бара жаткандар баланы иттен араң куткарып калышкан. Милициянын маалыматы боюнча, окуя 1-апрель күнү болжол менен саат 19:00дө Абдрахманов менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишенде болгон. 

--"Баланын абалы канааттандырарлык. Ит бутунун ылдый жагын бир нече жеринен тиштеп алган. Тиешелүү дарылануудан өтүп жатат", — деди дарыгер.

Факт боюнча Жоруктар кодексинин 119-беренеси ("Майда бейбаштык") менен иш козголду. Баланын жаракаты канчалык экени соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгынан кийин белгилүү болот.

Милиция учурда иттин ээсин издөөдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости