www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ президенти Дональд Трамп балдарга эмдөө жүргүзүү боюнча сунуштарды өзгөрткөн жарлыкка кол койду. Жаңы сунуштарга ылайык, бардык балдар үчүн негизги вакциналардын тизмеси 18 инфекциядан 11 инфекцияга чейин кыскартылат.

Жалпы эмдөө үчүн сунушталган вакциналар кызамык, эпидемиялык паротит, кызылча (краснуха), дифтерия, селейме, көк жөтөл, полиомиелит, гемофилдик инфекциянын В тиби, пневмококк инфекциясы, адамдын папиллома вирусу (HPV) жана суу чечекке каршы вакциналарды камтыйт.

Ал эми башка инфекцияларга каршы эмдөө айрым тобокелдик тобуна кирген балдарга же ата-эне менен дарыгердин биргелешкен чечиминен кийин жүргүзүлүшү сунушталууда.

Өзгөрүүлөрдүн дагы бири MMR — кызамык, паротит жана кызылчага каршы үч компоненттүү вакцинацияга тиешелүү. Документте келечекте бул вакциналарды өз-өзүнчө киргизүү сунушталган.

Ошондой эле мүмкүн болсо, эмдөөлөрдү бир нече медициналык кароого бөлүп жүргүзүү сунушталат.

Жарлыкка кол коюу учурунда Дональд Трамп эмдөөлөрдүн саны же графиги менен аутизм спектринин бузулушунун таралышынын ортосунда байланыш болушу мүмкүн деген божомолун дагы бир жолу билдирди. Бирок буга чейин жүргүзүлгөн көптөгөн илимий изилдөөлөр вакциналар менен аутизмдин ортосунда байланыш бар экенин тастыктаган эмес.

Трамптын чечими медициналык коомчулуктун сынына кабылды. Адистер эмдөөлөрдүн ортосундагы аралыкты узартуу балдардын жугуштуу оорулардан узак убакыт корголбой калышына алып келиши мүмкүн экенин эскертишүүдө.

Ошондой эле адистер балдарга арналган вакциналардын коопсуздугу жана аларды биргелешип колдонуу схемалары клиникалык изилдөөлөрдө текшерилип, массалык колдонууга киргизилгенден кийин да көзөмөлдөнөрүн белгилешет.

Жаңы жарлык АКШнын айрым штаттарында мектепке баруу үчүн талап кылынган эмдөө эрежелерин түздөн-түз жокко чыгарбайт.

Бирок штаттардын бийликтерине талаптарды жаңы сунуштарга ылайык кайра карап чыгуу сунушталууда.

Бул өзгөрүүлөр АКШда кызамык оорусуна чалдыккандардын саны олуттуу көбөйүп жаткан учурда болуп жатат.

Последние новости

Ислам НАТОсу
Ислам НАТОсу
3480
11.08.2026 15:34