www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда ветеринардык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу жана мал доктурларды колдоо максатында «Мал аман» мамлекеттик ишканасын түзүү пландалууда.
Маалыматка ылайык, ишкананын алгачкы этабында 1,5 миңге жакын жеке ветеринар ишке алынат.
Алар малдарды эмдөө, кан үлгүлөрүн алуу жана башка мамлекеттик ветеринардык тапшырмаларды аткарышат.
Мамлекеттик тапшырмаларды сапаттуу жана өз убагында аткарган ветеринарларга айлык акы төлөнөт.
Ошондой эле алар малды дарылоо, операция жасоо жана башка ветеринардык кызматтарды көрсөтүп, жарандардан кошумча акы алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Ветеринарлардын негизги айлык акысы 30–40 миң сомдун тегерегинде болот.
Мындан тышкары, иштин жыйынтыгына жараша бонустар каралып, жалпы киреше 100 миң сомго чейин жетиши мүмкүн.
«Мал аман» мамлекеттик ишканасын түзүү боюнча токтомдун долбоору учурда тиешелүү мамлекеттик органдар менен макулдашуу баскычында турат.
Ишкананы толук кандуу ишке киргизүү жаңы жылдан тарта пландалууда.