www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Камчыбек Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов «Кат 75» иши боюнча апелляциялык арызда соттун өкүмүндөгү бир катар суроолорго көңүл бурулганын билдирди.
Анын айтымында, сот Ташиевдин бийликти күч менен басып алууга даярдык көрдү деген айып боюнча кылмышка даярдык кайсы аракеттен башталганын жана аны кайсы далилдер тастыктаганын так көрсөткөн эмес.
Адвокат ошондой эле болжолдуу бийликти күч менен басып алуунун механизми, күч колдонууга кимдер жана кандай аракеттер менен даярданганы өкүмдө так жазылбаганын белгиледи.
Коргоо тарабы далилдерди баалоо, экспертизалар, коргонуу укугу жана кылмыш-процессуалдык мыйзамдардын сакталышы боюнча да мыйзам бузуулар болгонун айтып, апелляциялык соттон ишти кайра кароону суранууда.
Эске салсак, Биринчи май райондук соту «Кат 75» ишиндеги бардык айыпталуучуларды күнөөлүү деп таап, төрт жылдан эркинен ажыраткан. Бирок жаза үч жылдык пробациялык көзөмөлгө алмаштырылган. Өкүмгө прокуратура жана айыпталуучулардын адвокаттары даттанган.