www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик чек ара кызматынын №2023 аскер бөлүгүнүн «Кадамжай» чек ара заставасында санитардык-эпидемиологиялык эреже бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, июнь айынын башында акыйкатчынын Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери аталган аскер бөлүгүндө мониторинг жүргүзүп, азык-түлүк сактоочу кампада жана ашканада эреже бузууларды аныкташкан. Андан соң жооптуу адамдарга оозеки эскертүүлөр берилген.

Июнь айынын аягында аймактык өкүлчүлүктүн кызматкерлери чек ара заставасына кайрадан барып, аныкталган кемчиликтердин бир бөлүгү дагы деле жоюлбаганын аныкташкан. Кампадагы текшерүү учурунда бадыраң менен помидорлор бузулуп, чирий баштаганы белгилүү болгон, ошондой эле даяр тамактардан күнүмдүк үлгүлөр алынган эмес.

Акыйкатчы институтунан билдиришкендей, чек ара заставасынын имараты оңдоп-түзөөгө муктаж.

Мониторингдин жыйынтыгы боюнча акыйкатчынын аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлү чек ара заставасынын жетекчилигине аныкталган эреже бузууларды жоюу жана күнөөлүү адамдарга чара көрүү талабы менен сунуш кат жөнөткөн.

«Жыйынтыгында азык-түлүк кызматынын башчысына, ашпозчуга жана чек ара заставасынын чарбалык бөлүмүнүн командирине сөгүш жарыяланды. Ал эми заставанын жетекчисине кызматка толук ылайык эместиги тууралуу эскертүү берилип, старшинага катуу сөгүш берилди», - деп жазылган маалыматта.

Последние новости

Ислам НАТОсу
Ислам НАТОсу
4255
11.08.2026 15:34