www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШда чиркөөдөгү атышуудан 4 адам каза болду

АКШнын Мичиган штатында чиркөөдөгү атышуудан төрт адам каза тапты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Чиркөөдөгү атышуудан сегиз киши жарадар болгон. Белгисиз куралчан адам Chevy Silverado жүк ташуучу унаасы менен имаратты сүзүп, элге ок чыгарган. Ошол учурда чиркөөнүн ичинде 100дөй адам жүргөн. Андан соң куралчан адам чиркөөгө өрт койгон. Тилсиз жоонун кесепетинен имарат толугу менен күйүп кеткен.

The New York Post гезити башкы шектүү 40 жаштагы Томас Жейкоб Сэнфорд экени, ал полиция менен атышуу учурунда каза болгонун жазды.

Последние новости