www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

29-январда АКШнын Калифорния штатынын Лос-Анжелес шаарында Кыргызстандын жарандары катышкан жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жабырлануучулардын арасында АКШдагы жергиликтүү билим берүү мекемелеринде окуган төрт кыргызстандык болгон.

Кыргызстандын АКШдагы чет өлкөлүк мекемелери жабыркагандар менен туруктуу байланышта болуп, алардын абалын көзөмөлдөп турушат. Учурда бардык жарандарга зарыл медициналык жардам көрсөтүлүүдө.

"Кыргыз диаспорасы тарабынан дарыланууга каражат чогултуу уюштурулган, учурда укуктук жардамга муктаждык жок. Аталган кырдаал Кыргызстандын чет өлкөлүк мекемелеринин көзөмөлүндө", - деп айтылат маалыматта.

Последние новости