www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандык дзюдочу Эрлан Шеров Словениянын борбору Любляна шаарында өткөн «Ljubljana European Open-2026» ачык Европа кубогунда алтын медаль жеңди. Мелдештер 14-15-февраль күндөрү болуп өттү.
Турнирге 45 мамлекеттен 513 спортчу катышты.
90 кг чейинки салмак категориясында Эрлан Шеров бардык атаандаштарын ишенимдүү жеңди. Ал 1/16 финалда бельгиялык Карл Фубертти, 1/8 финалда литвалык Августас Слизеринецти, чейрек финалда франциялык Эниэл Кэролини, жарым финалда египеттик Абдалла Абдельсамейдини жеңди. Ал эми финалдык беттеште россиялык Давид Карапетянды утуп, мелдештин чемпиону аталды.
Аталган мелдеште Кыргызстандын атынан үч спортчу катышты. Алар: Эрбол Абасбеков (66 кг чейин), Ханболот Ырысбеков (66 кг чейин) жана Эрлан Шеров (90 кг чейин).
Курама команданы башкы машыктыруучу Эркин Ибрагимов жана улук машыктыруучу Азат Кубакаев жетектеди.