www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШда билдиришкендей «украиналык контрчабуул келип эле болот дубалга такалгандай ахыбал жаралды».
Америкалык отставкадагы полковник Блэк Украина Аскер Күчтөрү контрчабуулда 7 миң жоокеринен ажырагандыгын билдирген.
Вьетнамдагы согуштун ардагери Дик Блэк Twitterдеги баракчасында: «Болгону бир жуманын аралыгында 7 миң жоокерден айрылуу жана болот дубалга такалып калган контрчабуулга» таң калгандыгын жашырбайт.
Ошону менен катар «160 танк жана 360 сооттолгон унаалар жок кылынгандыгын» жазган америкалык полковник Киевдин акыркы украин калганча согушуу саясатын «бул адамгерчиликке жатпай турган көрүнүш» катары сыпаттады.
Тhe New York Times газетасынын кабарчысы Эндрю Крамер «россиялык армиянын стратегиясынан улам Украина Аскер күчтөрү мындан ары жоокерлери менен бирге техникаларынан да өтө оор жоготууларга учурай тургандыгын» божомолдоп жазган.
Буга чейин АКШнын экс-чалгынчысы Скотт Риттер «НАТОнун курал-жарактары Украина аскерлерин контрчабуулда алсыраткандыгын, анткени украиналык жоокерлер ал техникаларды пайдаланууну билбестигин» айтып чыккан.
Украинадагы соңку жаңылыктар дүйнөлүк прессанын көнүл борборунда турат.