www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңеште Шайлообек Атазов деген депутат бар. Өзүн улуттук баалуулуктарды коргогон эл өкүлү катары көрсөтүүгө ар дайым аракет кылат. Чынында мекенчилдик көз карашты карманат. Анысы алкоого арзыйт.
Бирок деген жагдай, маанилүү кезде мекенчилдик позициясы абага бууланып кетет. Жок, курулай сөз бойдон калат.
Мына айталы, казино мыйзамы кабыл алынып жатканда, динден хадис айткан, нарктуулукту кеп кылган Атазов төө куштай башын кумга тыгып, казинонун ачылышын колдогон.
Кызыгы, "TikTok`ту" жабыш керек, кыргыз улутунун наркын бузган жылаңач кыздар, туура эмес видеолорду балдарыбыз көрүп жатат" деген Шайлообек Атазов Бишкектин казиносундагы жылаңач кыздар жөнүндө бир тууралуу ооз ачып койгон жок. Нарк-насилге доо кетип, кыздарыбыздын абийири кантип жатат, динге да туура келбейт деп айтканга жараган жок.
Ушундан улам, оомо, өзгөрмө мекенчил болуп, кандай абийир тапкысы келет деп, тобоо келтиргенге туура келет. Сыягы, ыңгайлуу учурда мекенчил, ыңгайсыз болсо билмексен болгон эки жүздүү саясат кылып, жан багат окшобойбу? Эл тараза, көрүп турат баарын...
Булак: NazarNews.kg