www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Анкаранын Жогорку соту Орхан Инандыны "куралдуу террордук уюмду жетектеген" деп айыптап, 21 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу Түркиянын мамлекеттик “Анадолу” агенттиги бүгүн, 16-июнда билдирди.
Эске сала кетсек, “Сапат” түрк лицейлер тармагынын президенти Орхан Инанды 2021-жылдын 1-июнуна караган түнү дайынсыз жоголгон. 5-июлда президент Эрдоган түрк атайын кызматы тарабынан кармалганын жарыялаган. Көптөгөн коомдук ишмерлер жана саясатчылар Түркия менен Кыргызстандын аракеттерин айыпташкан.
Президент Садыр Жапаров Кыргызстан Инандыны кайтарууну талап кыларын билдирген. Түркияда айыптоочу Орхан Инандыны 15 жылдан 22,5 жылга чейин эркинен ажыратууну суранган. 18-сентябрда Орхан Инанды түрк жарандыгынан баш тартуу тууралуу кат жазган.
Түркия “Сапат” лицейинин бүтүрүүчүлөрүнүн дипломдорун алуудан баш тарткан.
Булак: NazarNews.kg