www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ноокат районундагы аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүндө каза болгон 17 жаштагы окуучу кыздын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ош ОИИБинен билдиришти.
Башкармалыктын маалыматына ылайык, милицияга мектеп окуучусу ооруканага жаткырылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө 17 жаштагы Х.Р. ооруканага кайрылып, 5 күндөн кийин каза болгону белгилүү болгон. Өлүмдүн так себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык-экспертиза дайындалды", - деп айтылат маалыматта.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренеси (Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) менен кылмыш иши козголгон.
Эске салсак, Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кеңеш айыл өкмөтүндө июнь айынын башында окуучу кыз 60 даана дары ичип каза болгону маалымдалган. Маркумдун ата-энеси мигранттар болгондуктан ал тууганынын үйүндө жүргөн.
Булак: NazarNews.kg