www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШда вакцинаны колдонууну токтотуу сунушталды

АКШнын тамак-ашка жана дары-дармектерге санитардык көзөмөл башкармалыгы коронавируска каршы «Johnson & Johnson» компаниясы чыгарган вакцинаны пайдаланууну токтотууну штаттарга сунуштады. Буга аталган вакцина менен эмделген алты аялда тромбофилиянын сейрек түрү өнүгө баштаганы негиз берген.

«Johnson & Johnson» чыгарган вакцинаны колдонууга февралда уруксат берилген. Илимий изилдөөлөр анын натыйжалуулугун 66% деп көрсөткөн. Бул вакцинанын башкалардан өзгөчөлүгү - бир гана жолу эмдөөнү талап кылат.

12-апрелге карата вакцина менен АКШда 6,8 млн. адам эмделген. 10-апрелде дары-дармектер боюнча Европа агенттиги «Johnson & Johnson» вакцинасын саюудан тромб пайда болгон төрт учурду иликтеп жатат.

Белгилей кетсек, буга чейин ушундай эле негиз менен дагы бир вакцина - Британияда өндүрүлгөн «AstraZeneca» менен эмдөө токтотулган.

Британ өкмөтү бул вакцинаны жашы отузга чейинки адамдарга сайбоону чечкен. Европадагы ооруканалар «AstraZeneca» менен эмдөөнү улантышууда. Еврбиримдик вакцинанын пайдасы тобокелдикке караганда көбүрөөк экенин белгилеген.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун акыркы маалыматына караганда, коронавируска чалдыккан адамдардын саны жалпы планетада 138 млн. ашты. Дээрлик 3 млн. (2,971,864) адам оорудан кайтыш болду. 111,032,185 киши айыгып чыкты.

Калкынын 32 млн. ашууну ооруга чалдыккан АКШ ооругандардын саны жагынан дүйнөдө 1-орунга чыкты. Андан кийинки орунда Индия жана Бразилия турат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости