www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстанда АКШда жашаган активист Серикжан Билаштын эжеси Батика Билаш кармалганы маалым болду. Бул тууралуу Dalanews анын жолдошу Амантай Агидоллуга шилтеме берип кабарлады.
Күч кызматкерлери алардын үйүнө 25-июнь күнү кечинде тинтүү жүргүзүү үчүн келишкен.
«Жыйырмадай адам келди, алардын арасында атайын багыттагы бөлүмдүн кызматкерлери жана полиция өкүлдөрү бар эле. Баарын камерага тартып жатышты. Үйдү тинтип, Батиканы алып кетишти. Так качан кармалганын айта албайм. Менимче, кечки саат алты-жетилер чамасында үйдөн алып кетишкен. Адегенде полиция бөлүмүнө алып барышып, андан кийин кайра үйгө алып келип тинтүү жүргүзүштү. Андан соң саат 23:00дөн кийин Конаев шаарындагы полиция департаментине жеткиришти», — деди Агидоллу.
Тинтүү учурунда полиция кызматкерлери иштебеген уюлдук телефонду жана Курандын бир нече нускасын алып кетишкен. Азырынча анын кармалышынын себеби белгисиз.
Серикжан Билаш — каттоодон өтпөгөн «Нағыз Атажұрт еріктілері» уюмунун активисти. Бул уюм Кытайдын Шинжаң аймагындагы этникалык казактардын укуктарын коргоону жана аларды «кайра тарбиялоо лагерлери» деп аталган жайлардан бошотууну талап кылып келет.
2019-жылы Казакстанда Билашка улут аралык кастыкты козутууга байланыштуу иш боюнча айып пул салынган. Ал эми 2020-жылы ага каршы эки кылмыш иши козголгон. Ошол эле жылдын күзүндө активист Казакстандан чыгып кетип, кийинчерээк АКШга көчүп барган.