www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 27-июнда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Ноокен районунун Эргеш Алиев айыл аймагындагы Шамшидин Суеркулов атындагы жалпы дарыгердик практика борборунун Сакалды бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты.

Жаңы имарат республикалык бюджеттин эсебинен курулуп, ага 79 миллион 319 миң сом каражат жумшалган.

Медициналык жай заманбап талаптарга толук жооп берип, калкка сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүгө ылайыкташтырылган.

Учурда бул бөлүмдө дарылоо, төрөт, балдар, гинекология жана медициналык реабилитация бөлүмдөрү иштеп, Эргеш Алиев айыл аймагынын 36 миң 979 тургунуна медициналык жардам көрсөтөт.

Мурда эски имаратта жайгашкан борбор жаңы имаратка көчүрүлүп, бейтаптарды тейлөөнүн шарттары кыйла жакшырды.

Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Адылбек Касымалиев айыл жерлеринде медициналык кызматтын сапатын жогорулатуу мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.

«Айрыкча айыл жерлеринде медициналык тейлөөнүн сапатын жакшыртуу бүгүнкү күндүн маанилүү милдеттеринин бири болуп саналат.

Жаңы ачылган бөлүм калкка жеткиликтүү жана сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө шарт түзөт», — деди ал.

Ошондой эле Министрлер Кабинетинин Төрагасы акыркы жылдары медицина кызматкерлеринин эмгек акысы бир нече жолу жогорулатылганын, жаш адистерди даярдоо жана аларды айыл жерлерине тартуу максатында мамлекеттик бюджеттен кошумча каражаттар бөлүнүп жатканын белгиледи.

Иш-чаранын соңунда Адылбек Касымалиев медицина кызматкерлерин жаңы имараттын ачылышы менен куттуктап, алардын жооптуу ишине ийгиликтерди жана калкка сапаттуу кызмат көрсөтүүнү каалады.

Последние новости