www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарындагы Семетей көчөсүнүн Садырбаев көчөсүнөн Айтматов проспектисине чейинки бөлүгүндө жүргүзүлүп жаткан реконструкция иштерине байланыштуу алты автобустук каттамдын кыймыл схемасы убактылуу өзгөртүлөт.

Маалыматка ылайык, өзгөртүүлөр №1, №8, №33, №55, №56 жана №103 автобустук каттамдарына тиешелүү.
Реконструкция иштери жүрүп жаткан мезгилде автобустар жакын жайгашкан альтернативдүү көчөлөр аркылуу каттап, жүргүнчүлөрдү тейлөөнү улантат.

Мындай чечим жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу, жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жана коомдук транспорттун үзгүлтүксүз иштешин сактоо максатында кабыл алынган.

Муниципалитет шаар тургундарын жана борбор калаанын конокторун сапарларын алдын ала пландап, коомдук транспорттун убактылуу өзгөргөн кыймыл схемаларын эске алууга чакырат.

Последние новости