www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 27-июнда Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Нарын дарыясынын каскадындагы ири гидроэлектростанциялардын иши жана курулушунун жүрүшү менен жеринде таанышты.

Алгач өкмөт башчысы иштеп жаткан Камбар-Ата-2 гидроэлектростанциясына барып, станцияны кеңейтүү долбоорунун жүрүшү тууралуу маалымат алды.

Учурда Министрлер Кабинети тарабынан Камбар-Ата-2 ГЭСине кубаттуулугу 120 МВт болгон экинчи гидроагрегатты орнотуу долбоору ишке ашырылып жатат.

Долбоор аяктагандан кийин станциянын жалпы кубаттуулугу эки эсеге көбөйөт. Ошондой эле дамбанын үстүнө кошумча суу төгүүчү курулманы куруу пландалууда.

Андан соң Адылбек Касымалиев Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулуш объектисинде болуп, Нарын дарыясы аркылуу салынып жаткан көпүрөнүн жана курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Азыркы тапта көпүрөнүн таянычтары жана оң жээкке өтүүчү темир конструкциялары орнотулуп, кирүү жолдору кеңейтилүүдө. Ошондой эле негизги ГЭСтин курулушун баштоого даярдык иштери жүргүзүлүп жатат.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы жооптуу жетекчилерге инфраструктуралык объекттерди белгиленген мөөнөттө бүткөрүүнү тапшырды.

Жумуш сапарынын алкагында өкмөт башчысы Токтогул ГЭСинде да болуп, реконструкциядан кийинки станциянын иши менен таанышты. «Токтогул ГЭСин реконструкциялоо» долбоорунун алкагында 2025-жылы бардык төрт гидроагрегат жана көмөкчү жабдуулар заманбап жабдууларга алмаштырылган.

Учурда башкаруу системалары санарип форматка өткөрүлүп, дамбанын мониторинг системалары күчөтүлүп, сейсмикалык коопсуздук боюнча кошумча текшерүүлөр жүргүзүлүүдө.

Сапардын соңунда Адылбек Касымалиев энергетика тармагынын өкүлдөрүнө күз-кыш мезгилине өз убагында даярдык көрүү, гидротехникалык курулмалардын техникалык коопсуздугун камсыздоо жана энергетикалык объекттердин ишенимдүүлүгүн жогорулатуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Последние новости