www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дүйнөдөгү эң чоң шаркыратмалардын бири болгон Ниагара шаркыратмасы акыркы күндөрү АКШ менен Канаданын кээ бир аймактарында байкалган катуу сууктан улам жарым-жартылай тоңду. Бул тууралуу Би-Би-Си билдирди.
Муз катмары Ниагара шаркыратмасынан 25 миль (болжол менен 40 км) түштүктө жайгашкан Буффалодо (Нью-Йорк) төмөн температура жана катуу кар бороонунан улам пайда болгон.
Катуу бороондон каза болгондордун көбү Америка Кошмо Штаттары Ниагара шаркыратмасына жакын жайгашкан Буффалодо жашачу.
Бул шаарда 1,2 метрден ашык кар жаап, жолдор бузулган. Электр жарыгы өчүк. Ниагара шаркыратмасы жарым-жартылай гана тоңгон. Белгилей кетсек, бул шаркыратма суунун көлөмү көп болгондуктан эч качан толук тоңбойт.
Булак: NazarNews.kg