www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эне жана баланы коргоо борборунун жана шаардык балдар ооруканасынын дарыгерлери кармалды. Маалыматты журналисттерге Кыргызстандын медициналык бирлигинин жетекчиси Бермет Барыктабасова тастыктады.
Анын айтымында, камоого ноябрь айында Эне жана баланы коргоо борборунда баланын өлүмү себеп болгон.
"Бала алгач шаардык клиникалык тез жардам ооруканасына ичи ооруп жатат деген арыз менен түшкөн. "Курч курсак" - бул ар кандай симптомдордун комплекси. Бул аппендицит, ичеги-карын оорулары, кээ бир тубаса өзгөчөлүктөр, бөйрөк коликасы жана башка көптөгөн себептер болушу мүмкүн. Бул татаал жана оор, өзгөчө балдарда. Дифференциалдык диагностика үчүн диагностикалык жабдуулары бар көптөгөн ыкмалар, анын ичинде лабораториялык ыкмалар бар. Ал эми дарыгерлер туура дарылоону дайындоо үчүн биринчи кезекте диагнозду аныкташы керек. Текшерүү учурунда баланын канындагы канттын деңгээли көтөрүлүп кеткени аныкталган. Критикалык деңгээлде эмес,бирок бул хирургдардын тынчсыздануусун жараткан. Кесиптештер кооптонушуп, диагностикалык операцияга да барышкан эмес. Канттын деңгээли көтөрүлүп кеткенде организмге агрессивдүү кийлигишүү кооптуу. Тажрыйбалуу оорукана үчүн да түшүнүксүз көрүнүш болгондуктан, дарыгерлер баланы үчүнчү баскычка – Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна которууну чечишкен, ал жерде текшерүү мүмкүнчүлүгү кененирээк. Бирок бала каза болуп калган. Экспертизада анын перитонит жана ичеги-карын оорулары бар экени белгилүү болду", — деди ал.
Бермет Барыктабасова кошумчалагандай, ар бир адам өлүмү менен коштолгон фактылар комиссиялар тарабынан дыкат текшерилет.
"Баланыкабыл алынган учурдан баштап оорунун тарыхы, чогултулган анамнези изилденип жатат. Азыр бир нерсе деп айтуу абдан кыйын, клиникалык анализдин, экспертизанын жыйынтыгы бизге белгисиз. Бул баланы жоготуп алганыбыз трагедия, бирок бул объективдүү клиникалык көрүнүшкө таасирин тийгизбеши керек", - деп кошумчалады ал.
Булак: NazarNews.kg