www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россияда калган АКШнын Улуттук коопсуздук агенттигинин мурдагы кызматкери Эдвард Сноуден башка варианттары жок экендигин жарыялады.  

Rumble платформасында Гленн Гринвальдга берген маегинде Сноуден Россияда калгысы келбегендигин билдирген. 

Ал көп өлкөлөрдөн саясый баш паанек сураган. АКШнын реакциясынан сактанган айрымдары баш тартса, башкалары анын коопсуздугун камсыз кыла албай тургандыктарын кыйытып билдиришкен.  

«Башка варианттар калбагандыктан мен Россиядан баш калкалоо сурадым, алар макул болушту», - деп белгилеген Сноуден.

Буга чейин ММКлар жазып келгендей «анын КГБнын жашыруун квартирасында жашап келгендиги» туурасындагы маалыматты Сноуден четке какты.

Америкалык атайын кызматтын мурдагы кызматкери Россияда 2013-жылдан бери жашайт.  

Эдвард Сноуден «тыңчылар менен кызматташпагандыгын жана жашыруун квартираларда жашабастыгын, өзгөчө Улуу Британиянын элчилиги жайгашкан аймакта мындай аракеттерге барбастыгын» белгилеген. 

АКШ мамлекеттик департаменти Сноудендин россиялык паспорт алышын «РФга берилгендикти бекемдөө» катары сыпаттаган.

Нур АМАН

Булак: NazarNews.kg

Последние новости