www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Дастан Бекешев: Афганистан болуп кетишибиз мүмкүн

Жогорку Кеңештин депутаты, вице-спикер Жамиля Исаева балдардын ден соолугуна, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтире турган  маалыматтарды таратууга чектөө киргизүүнү сунуштап жатат. Тиешелүү мыйзам долбоору бүгүн, 7-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында биринчи окууда талкууланды. 

Баяндама жасаган Жамиля Исаеванын айтымында, мыйзам долбоору балдардын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу максатында интернет булактарында, массалык маалымат каражаттарында жарыяланып жаткан материалдарда жаш курактарын эске салган билдирүүлөрдүн милдеттүү болушун шарттайт.

Демилгечи депутат кошумчалагандай, турмуштук тажрыйбасынын жоктугунан, чыңдала элек психикасынын айынан, бала компьютер оюндары, уюлдук байланыш, жарнама, өзгөчө “Интернет” тармагы аркылуу башкаларга караганда көбүрөөк таасирге кабылууда. Андыктан, сунушталган мыйзам долбоору маалымат-коммуникациялык тармактарында балдардын маалымат коопсуздугун камсыздоо маселелерин чечүүгө багытталган.

Талкуу маалында депутат Дастан Бекешев ата-эненин балдарды тарбиялоодогу, жаман маалыматты жакшы менен ажырата билүүнү үйрөтүүдөгү жоопкерчилигин эске салды. Ошону менен бирге эл өкүлү ишке ашыруунун так механизми жок демилгелер цензурага, коомдун деградациясына алып келиши мүмкүн экенин белгиледи.

“Бул мыйзамга TikTok же  Instagram сыяктуу социалдык тармактар эмес, кино тарткан адамдар, ЖМК, китеп жазгандар туш болушат. Маалымат балага зыян алып келеби же жокпу аны милиция аныктайт экен. Бул мыйзам долбоор колдоо табарына күмөнүм жок. Бирок, бул мыйзам долбоор кабыл алынса, Кыргызстан Афганистанга айланып кетиши мүмкүн. Бул мыйзам коомду деградацияга алып келет”, — деди ал.

Депутат кесиптештерине кайрылып, мыйзам долбоорун юридикалык көз караш менен окууну өтүндү.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости