www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
12 млрд долларын Батыш Борбор Азияга берип жатат. Эмнеге ит бекер бермек беле? Бизди Орусияга каршы кайраштырган атат. Муну сезе билген Тажикстан Орусияга моюн толгой баштады. 9-майда Путин чакырса да Рахмон маалкатып атып барды. Жакында Еврошаркет көңүл буруп Чолпон-Атага Борбор Азия билермандары менен маек курду.Тажикстан ал жакка безип кетерин түкшүмөлдөгөн Путин, алардын ооздугун тартыш үчүн Лавровду Дүйшөмбүгө жөнөттү. Лавров тажиктерди тизгиндеп келди окшойт.
Эң орчундуу жаңылыктарынын бири тажик президентинин уулу, борбор калаанын кожоюну Рустам Рахмон тажик УКМКсынын жетекчиси Саймумин Ятимовду атканы безге тийер жорук болду. Бул тууралуу Тажикистандын Улуттук Альянсынын жетекчисинин орун басары Алим Шерзамонов билдирген. Негизи борбор калаанын кожоюну Рустам Рахмон менен тажик УКМКсынын жетекчиси Саймумин Ятимовдун ортосунда чыр-чатак көптөн бери келатат. Планетанын сактоочусу, тынчтыкты түзүүчү Эмомали Рахмондун уулу Душанбенин мэри Рустам Эмомали Саймумин Ятимовдон Хорогдо аскердик –полициялык операциянын башталышын талап кылган. Айтылганга караганда Саймумин Ятимов Хорогдо карателдик операция жүргүзө турган болсо, көптөгөн адамдар курман болот деп Душанбенин мэринин айткандарына моюн толгоп койгон. Көпчүлүк аскер адамдары тынч адамдарга карателдик операция кылууга каршы болушкан. Алим Шерзамонов айтымында Хорог операциясы Тажикстан үчүн оор кырдаалды түзмөк, Рустам Эмомалинин ишенген адамдары 2012-жылы генерал «должен быть ликвидирован физически подобно генералу Назарзоданы» жок кылгандай Саймумин Ятимовду жок кылууну көздөп жатышат. Саймумин Ятимовду жок кылуу үчүн МВДнын министри генерал Аламшозода жана анын кишилерине милдеттенме коюлган. Жазылган булактарга караганда өзүн өзү билген Рустам Эмомали Саймумин Ятимовду жарадар кылган. Ал мурун да аталаш агасы Хасан Асадуллону ит аткандай атып Германияга барып жараттынан дарыланып келгени бар.
Жакында Рахмон Душанбеде кенже кызын өлкөнүн башкы прокурору Юсуф Рахмондун уулуна турмушка узатты. Фарзона Рахмон менен Сафархон Юсуфтун үйлөнүү үлпөтү шаңдуу белгиленди. Башкы прокурордун уулу Сафархон Юсуф Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинде иштейт. Фарзона Рахмондун иши жөнүндө маалымат жок. Кыз узатуу Душанбедеги “Магнолия” ресторанында өткөнүн тастыкташты. Анын алдында көчөнү ремонттоп, ресторандын тышын сырдап, Эмомали Рахмон келген күнү жол жабылды.
Тажикстанда президенттин кудалары жана күйөө балдары өкмөттө негизги кызматтарды аркалашат же ири компанияларга ээлик кылышат. Президенттин улуу кызы Озода Рахмондун күйөөсү Жамолиддин Нуралиев мурда Улуттук банкта иштеген. Ал Душанбе-Хожент жолун тейлеген IRS компаниясына ээлик кылары айтылып келет.
Президенттин үчүнчү кызы Тахмина Рахмон менен анын күйөөсү Зарифбек Давлатов да ийгиликтүү ишкерлер. Алар ээлик кылган агенттик Орусиянын шаарларына авиабилет сатуу боюнча эксклюзивдүү укукка ээ. Президенттин төртүнчү кызы Рухшона Рахмондун күйөөсү Шамсулло Сохибов агасы менен бирге Тажикстандагы күйүүчү май базарын монополдоштуруп алган. Рухшона Рахмон өзү болсо бир жыл мурун Тажикстандын Улуу Британиядагы элчиси болуп дайындалган. Президенттин башка бир кызы Парвина Рахмондун күйөөсү Ашрафжон Гулов – Тажикстандын Түркиядагы элчиси. Дагы бир күйөө баласы Байланыш министрлигинде.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg