www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын MQ-9 Reaper учкучсуз учактарынын Иран менен болгон согуштагы олуттуу жоготууларга туш болду. Newsweek басылмасынын маалыматына караганда, жаңжалда АКШнын болжол менен 45 MQ-9 Reaper дрону атып түшүрүлгөн. Бул америкалык флоттогу мындай аппараттардын жалпы санынын дээрлик төрттөн бирине туура келет.

Бир кезде MQ-9 Reaper АКШнын абадагы технологиялык артыкчылыгынын маанилүү символдорунун бири катары каралып келген. Лондондогу Кингс-колледждин Фриман аба күчтөрү институтунун эксперти Аарон Доусон бул окуя Батыштын аскердик стратегиясындагы кеңири көйгөйдү көрсөтөт деп эсептейт.

Эксперт АКШнын Patriot жана THAAD абадан коргонуу системалары үчүн колдонулган кармоочу ракеталардын запасы боюнча тынчсызданууларды да мисал келтирген.

Ошентип, MQ-9 Reaper дрондорунун жоготуулары бир гана конкреттүү аскердик техниканын натыйжалуулугу тууралуу эмес, узакка созулган жана жогорку интенсивдүү согушта Батыштын кымбат технологияларга таянган моделинин туруктуулугу тууралуу суроолорду жаратты.

Последние новости