www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда 2026-жылдын алгачкы жети айында транспорттук көзөмөлдүн алкагында 500 миңге жакын унаа текшерилип, 8 226 укук бузуу фактысы аныкталды.

Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аныкталган укук бузуулар боюнча протоколдор түзүлгөн. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 156,63%га көп.

Укук бузуулар үчүн салынган айып пулдардан мамлекеттик казынага 83 млн 330 миң сом түшкөн. Бул былтыркы жылдын жети айына салыштырмалуу 217%га көп.

Транспорт каражаттарынын салмак-габариттик өлчөмдөрүн текшерүүдөн 7 млн 444 миң сомго жакын жыйым алынган. Бул көрсөткүч 2025-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 195%га өскөн.

Ошондой эле жолго келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн 10 млн 615 миң сом чогултулуп, былтыркы жылга салыштырмалуу 152%га көбөйгөн.

Атайын уруксат кагаздарын берүүдөн 135 млн 850 миң сомго жакын каражат түшкөн. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 77%га азайган. Ал эми көп жолу колдонулуучу уруксат кагаздарынан 10 млн сомдон ашык жыйым түшүп, 281%га өскөн.

Жыйынтыгында, 2026-жылдын жети айында транспорттук көзөмөлдүн алкагында мамлекеттик казынага 247 млн 197 миң 785 сом өндүрүлдү. Бул 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 107,39%га көп.

Последние новости