www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн аймагында экологиялык талаптардын сакталышы боюнча пландуу текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүнү Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош регионалдык башкармалыгы өткөргөн.

Анда Ленин чокусу аймагында туристтерди кабыл алган айрым конок үйлөрүндө таштанды калдыктарын өрттөө жана саркынды сууларды айлана-чөйрөгө зыян келтире тургандай тартипте төгүү фактылары аныкталган.

Мыйзам бузуулар боюнча Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык тиешелүү чаралар көрүлүп, жооптуу адамдарга жалпы 51 миң сом айып пул салынды.

Мындан тышкары, конок үйлөрдүн жооптуу өкүлдөрүнө экологиялык талаптарды сактоо, таштандыларды белгиленген нормаларга ылайык башкаруу жана саркынды сууларды айлана-чөйрөгө зыян келтирбеген тартипте чыгаруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Последние новости