www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Майк Помпео Тайвандын Каосюнг шаарында өткөн Глобалдык бизнес форумунда сүйлөгөн сөзүндө Тайванды көз карандысыз мамлекет деп атады. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Дипломат белгилегендей, Кошмо Штаттарда кээ бир адамдар Тайванды Кытайдын бир бөлүгү деп эсептешет жана америкалык өкүлдөрдүн аралга жасаган сапарына нааразылыгын билдиришүүдө. Ал башкача көз карашта экенин жана аны кайра-кайра айтып келгенин тактады.

"Бул реалдуулук, муну сиздин мурунку жана азыркы лидерлериңиз ачык айтып чыгышкан. Тактап айтканда, Тайван эгемендүүлүгүн жарыялоонун кереги жок, анткени ал эгемендүү мамлекет", - деп жыйынтыктады Помпео.

Ал мамлекеттик катчы болуп турганда АКШнын өкмөтүн жана элин Тайвандын саясий, дипломатиялык жана суверендүү реалдуулугун таанууга жакындатканына сыймыктанарын айтты.

Эске салсак, 26-сентябрда Помпео Тайванга бизнес форумга катышуу үчүн келгени кабарланган. Ошондой эле, 28-сентябрда ал Бүткүл дүйнөлүк Тайван соода палатасына кайрылып, аралдын түштүк бөлүгүндөгү бир нече жогорку технологиялык компанияларга барат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости