www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын президенти Владимир Путин түрк лидери Режеп Тайып Эрдоган менен сүйлөшүүсүндө Орусия Федерациясы Украина менен сүйлөшүүлөргө даяр экенин, бирок кырдаал өзгөргөн сайын алардын шарттары да өзгөрө турганын айтты. Бул тууралуу орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков журналисттерге билдирди.
«Президент, албетте, Орусия сүйлөшүүлөргө даяр экенин айтты, бирок кырдаал өзгөргөн сайын шарттар да өзгөрөт», - дейт Песков.
Кремлдин басма сөз катчысы сүйлөшүү принциби өзгөрбөй турганын кошумчалап, Путин Эрдоганга украин тарап сүйлөшүү жолу менен баратканын эскертти.
«Жалпысынан принцип өзгөргөн жок — атайын аскердик операциянын бардык максаттарына жетүү. Ошондой эле украин тарап сүйлөшүү жолунан толугу менен чыгып кеткени, ошондуктан атайын аскердик операция уланып жатканы айтылды», — дейт Песков.
Буга чейин Самаркандда Түркиянын тышкы иштер министри Мавлуд Чавушоглу Эрдоган менен сүйлөшүүсүндө Путин Киев менен диалогго кайтуу мүмкүнчүлүгүн тааныганын билдирген.
Ошондой эле Түркиянын президенти 26-сентябрда Анкарада өткөн министрлер кабинетинин жыйынында Орусия менен Украинанын президенттери Владимир Путин жана Владимир Зеленскийдин жолугушуусун уюштуруу өзүнүн эң чоң максаттарынын бири экенин айтты.
Булак: NazarNews.kg