www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азыркы саясатчыларга бийлик устукан берип койсо эле оозун жаап отуруп калат. Устуканын алып койсо эле эшикке чыга калып, бийликти жамандап, сындай баштайт. Мындай пикирин экс-депутат Нарынбек Молдобаев NazarNews маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

- Нарынбек Молдобаевич, айрым саясатчылар Медеткан Шеримкулов менен Апас Жумагуловго баатырдык наамды туура эмес алышты. Булар элдин эмес, президенттердин эле баатырлары болушкан деп сындап жатышат. Айтылган сындар орундууэлеби?

- Адамга оңой менен адам жакпайт. Дүйнө жүзүнө белгилүү болгон, Британиянын даңазалуу мамлекеттик ишмери Уинстон Черчилль "Сталин Орусияны сокосу менен алып, атом бомбасы менен калтырды" деп таамай айткан. Мен бул мисалды Сталин соко менен жер айдаган Орусияны атом бомбасы бар өнүккөн мамлекет айландырса да, айрым адамдарга жакпаганы үчүн айтып жатам.

Алыс барбай эле Кыргызстанга опол-тоодой эмгек кылган Турдакун Усубалиевдин жасаган ишин мисал келтирейин. Турдакун Усубалиев мамлекет үчүн зор салым кошкон, бүт өмүрүн элге арнаган киши болгон. Бирок, анын эмгегин баалагысы келбегендер азыр да ар нерсени сүйлөп жүрүшөт. Турдакун Усубалиев болбосо, Соң-Көл Өзбекстандын пахта талааларына сугатка жумшалып кетмек. Ошондой эле Усубалиев Бишкекти оңдоп, сапаттуу курулуштарды куруп кетти.

Кыргызстандын мамлекет болуп калыптанышына чоң салым кошкон Медеткан Шеримкуловду да оңой менен киши жактырбайт. Өзгөчө мурунку саясатта жүргөн, азыркы саясатты түшүнгөн кишилердин көбү бир туруп тигил жактын, бир туруп бул жактын сөзүн сүйлөйт деп жаман көрүшөт. Чынында Медеткан Шеримкулов Союз мезгилинде ЦКда секретарь болуп, идеологияны жүргүзүп турган, ошондой эле Кыргызстандагы легендарлуу парламентте спикер болгон.

Легендага айланган легендарлуу парламентте кыргыздын интеллигенциясы чогулуп, жумушчулардын эң мыктылары шайланган. Медеткан Шеримкулов ошолорду башкарган. Мен ал кезде жаш болчумун. Бирок,алар сүйлөп жатканда сөздү кандай айтса да туура болгонун көрүп, адамдар ушунчалык да акылдуу болот экен деп таңгалчумун. Азыр көптөр ошол Медеткан Шеримкуловдун деңгээлинин чекесине жетпей туруп, сындап жатышат.

Мисалы үчүн Медеткан Шеримкулов Орусиянын мамлекеттик думасында сүйлөгөндө башкалар ордунан туруп кол чапчу. Азыр аны сындап жаткан кишилер ал жасаган иштин бирин жасай албайт, анан ар кайсыны сүйлөшөт.

Апас Жумагулов да Кыргызстандын тарыхында үч жолу премьер-министр болгон киши. Бул кишинин да эмгегин билбегендер түрдүү кептерди айтып жатышат. Эл айткандай пикирлерди угуп, бир сапар мен да өзүнө суроо бергем. Мамлекет оор абалга кептелип калды. Эмне себептен завод, фабрикаларды саттыңар.

Сатпай деле койсоңор болбойт беле деп. Ал киши "Фрунзе" заводунда 7000дей адам иштечү. Ал жерде бир миң эки жүз пресс подборщик чыгарчу. Ал сыртка сатылчу. Тагыраагы, союздун курамындагы республикалар сатып алчу. Союз тарагандан кийин бир да республика өндүргөн нерсебизди сатып албай калды.

Иштегендер айлыгын сурап келгенде эмне кылаарыбызды билбей калдык. 6-7 күндөрү 600-700дөй киши балдарын көтөрүп, эмне ичип, эмне жейбиз деп ак үйдүн жанына келчү. Өлкөдө ачарчылык болгондой абал жаралып, жумушка келе албай калдык. Кантип айлык беребиз деп айла кеткенде заводду алгыла дедик” деген эле. Чынында союз тараганда бир эле Кыргызстан эмес, бардык мамлекеттердин баары кыйын абалга кептелген. Ошону туура түшүнүп, чактап сүйлөп, дооматты да жөндүү коюшубуз  керек.

Негизи Апас Жумагулов укмуш эмгекчил киши. Азыр 86-87 жашка чыгып калса да иштеп жатат. Кыргызстанга эки гилтейген ГЭС курганга, Жумгалга ТЭЦ курганга инвестиция  тартып келгендин аракетин көрүп жатат. Ошон үчүн аларга дем берип, наамды аянбай эле бергенибиз туура болду.

Бул инсандар мамлекеттин сакталып калышына да чоң салым кошушкан. Ошон үчүн баатырдык наам алган инсандарыбызды президенттерге эле кызмат кылды деген дооматтарга  кошула албайм. Ишти түпкүрүнөн түшүнгөн эки аксакалыбызга көзүнүн тирүү кезинде жогорку наам берилгени эң эле туура болду.  Анткени, булар эмес мүмкүн ошол кезде президенттер иштей албай калгандыр. Себеби, айрым президенттер 5 кишини башкарып көрбөгөнүнө карабай мамлекетти башкарып калышты да. Мисалы, Акаев эч качан чарбалык иште иштеп көрбөсө да, мамлекет башкарды. Ошон үчүн президенттердин катачылыгы үчүн бул эки инсан тууралуу  жаман айтпашыбыз керек.

 - Бирок, айрым оппозициялык көз караштагы адамдар бул эки инсан тууралуу таптакыр башкача пикирди айтып жатышат го?

- Азимбек Бекназаров саясатчы катары бышып келе жатат. Бирок, Кыргызстандагы белгилүү кишилердин баарын сындаганына кошулбайм. Анткени, бул эки инсан айрым саясатчылардай болуп, башкаларды ооз эки сындап, орунсуз кептерди айтышкан эмес. Булар качан сүйлөсө да мамлекеттин кызыкчылыгын көздөшөт. Ошон үчүн мамлекетчил адамдарды сындоодо сак болушубуз керек.

- Азыркы бийликти сестентип, катачылыгын айтып жатам деген саясатчылар боюнча кандай пикирдесиз?

- Мен билгенден Кыргызстанда андай 10 чакты саясатчы бар. Бийлик устукан берип койсо эле оозун жаап отуруп калат. Устуканын алып койсо эле эшикке чыга калып, бийликти жамандап, сындай баштайт. Булар биринчи революцияда  эмне болгонун, кийинки революцияда эмне кылышкандарын билесиңер. Ошон үчүн мындай популист саясатчылардын айткандарына ынанбайм жана кошула да албайм.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости